Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

АКШ: Шайлоо өнөктүгү кызыды


АКШда президенттик шайлоо өнөктүгү кызып, жаңы баскычка кирди. Өнөктүктүн соңку жүз күнү шайлоочулар да жакындан көңүл бурган учур деп саналат.

Президент Барак Обаманын атаандашы маанилүү штаттарды кыдырар алдында вице-президент өнөгүн аныктаса, элге чыккан Обама да өз саясатынын тууралыгын коргоодо.

“Таймс” басылмасы шаршемби күнкү санында жазгандай, АКШдагы шайлоо өнөктүгү азыр Ак үй үчүн күрөшкөндөр ортосунда жеке айыптоолор да айтылган баскычка кирди.

Ал эми National Interest басылмасы ушул тапта өнөктүктүн алкагындагы талкуулар учурунда тышкы саясатка караганда, ички саясаттын маселелери үстөмдүк кылып жатканын белгилейт.

Ички саясаттан албетте көч башында азыркы президент өткөрө алган саламаттыкты сактоо реформасы турат.

Митт Ромни жубайы менен Түндүк Каролинада. 12-август, 2012-жыл.
Митт Ромни жубайы менен Түндүк Каролинада. 12-август, 2012-жыл.
Бирок тапкан-ташыганы аз америкалыктар да медициналык камсыздандыруу алышына шарт түзүүнү көздөгөн бул реформаны “Обамакер” (“Obamacare”) же “Обамакамкордук” деп аташкан республикачылар Ак үйдөгү эки тизгин, бир чылбыр колго тийсе жокко чыгарууну убада кылышууда.

Республикачылардын президенттикке талапкери Митт Ромни шейшемби күнү Огайо штатындагы өнөктүктө да мына ушул убадасын кайталады:

- Ал 716 миллиард долларды “Медикер” корунан алды? Ишенимдүү башкаруудагы корго жортуул жасап, анан эмне кылды билесиздерби? Ал бул каражатты “Обамакерге”, тобокелчилик жогору, жакшы текшерилбеген, саламаттыкты сактоону федералдык өкмөт алышын төлөө үчүн пайдаланды. Эгер мен АКШнын президенти болсом, биз бул 716 миллиард долларды артка кайтарабыз.

Митт Ромни президенттик шайлоо өнөктүктүн акыркы жүз күндүгү башталышына тушташ Конгресстин соңку 14 жылдан бери Висконсин штатынан шайланган мүчөсү, 42 жаштагы Пол Райанды вице-президенттикке талапкер өнөгү кылып тандап алды.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында Бюджет комитетин башкарган Пол Райан жаш экендигине карабай, элге консервативдик көз караштары менен таанымал. Ал - ошондой эле федералдык бюджеттин чыгымдарын кыркуунун, экономиканы стимулдаштыруу үчүн салык жүгүн, анын ичинде корпоративдик салыктарды азайтуунун кызуу жактоочусу.

Ромнинин шайлоо өнөктүгүнө жаңы дем бергени айтылып жаткан Пол Райан жарышка кирер замат эле Обаманын экономикалык саясатын какшык аралаш сындап кирди:

- Эгер президент Обаманын экономикалык саясаты – карыз алуу, салык салуу, чыгымдарды көбөйтүү болсо, биз Греция менен бирге алтын доорго баш багабыз.

Азыр экономикага келгенде республикачыларда президентке доомат койгудай жүйөө бардай. АКШда жумушсуздук деңгээли 8 пайыздан ылдыйлабай турат.

Ак үй үчүн күрөшкөндөр учурда штаттарда жолугушууларды өткөрүүдө. Анткен менен Обама да эл менен жолугушууларында өз саясатынын тууралыгын түшүндүрүп жатат:

- Экинчи тараптагылар биз экономиканы өйдөдөн ылдый өстүрөбүз, эгер төбөдөгү адамдардын телегейи тегиз болсо, ылдыйкылар да автоматтык түрдө пайда табат деген идеяны таратып жатышат. Азыр дал ушул өйдөдөн ылдый көздөй экономика губернатор Ромнинин жана анын өнөгүнүн борбордук маселеси болууда. Силер ноябрда татаал тандоо алдында турасыңар. Бир жагынан бул 2008-жылкы шайлоодон да маанилүү, анткени тандоо азыркыдан олуттуу боло албайт. Бул - жөн эле эки талапкер, эки партия ортосундагы тандоо эмес, бул АКШ кантип улуу мамлекет болгон жана улуу мамлекет бойдон калышы боюнча бири-биринен принципиалдуу түрдө айрымаланган эки башка көз карашты тандоо.

Бул айдын соңунда Республикалык, сентябрдын башында Демократиялык партиянын шайлоо алдындагы курултайлары өтөт. Ал эми коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктары эки атаандаш дээрлик куйрук улаш келе жатканынын көргөзүүдө.

Гэллап уюмунун катталган шайлоочулар арасындагы акыркы сурамжылоосуна караганда, алардын 47% Ромнини, 45% Обаманы колдошорун айтышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG