Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

АКШ: Республикачылар Митт Ромнини тандады


АКШ -- Республикачылардын талапкери Митт Ромни тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөөдө. Лас-Вегас, 29-май, 2012.
АКШ -- Республикачылардын талапкери Митт Ромни тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөөдө. Лас-Вегас, 29-май, 2012.

Барак Обама ноябрда АКШда болчу президенттик шайлоодо Митт Ромни менен таймашат.

Себеби, Ромни 29-майда Техас штатында Республикалык партиянын праймериз шайлоосунда атаандаштарын жеңди. Натыйжада, ал президенттикке талапкер болууга зарыл добушка же делегаттардын колдоосуна ээ болду. Негизги атаандаштар бир нече апта илгери күрөштөн чыккандан тарта Ромни президенттикке талапкерликти жеңип чыгат деп жоромолдонуп жаткан.

Массачусетстин мурдакы губернатору Митт Ромнини шейшемби күнкү праймериз шайлоодо техастык республикачыл делегаттардын 70 проценти жактады. Ромниге талапкерлердин жарышында жеңүү үчүн Техастагы 155 делегаттын 58инин добушу жетиштүү эле. Президенттикке талапкер бардыгы 1144 делегаттын колдоосун алуу керек.

Эми Митт Ромни республикачылардын августта Флорида штатынын Тампа шаарында өтчү курултайында президенттикке талапкер деп ырасмий түрдө жарыяланат.

65 жаштагы Ромнинин мойнунда республикачылардын курултайына чейинки 90 күн ичинде аткарчу иштердин узун тизмеси бар. Алсак, вице-президент болчу шеригин тандоо, көз карандысыз шайлоочуларды өзүнө оодаруу, көпчүлүктү Обаманын президенттиги кезде экономика бутуна бекем турбады деп жана президент болууга даяр экенине ишендирүү жана башкалар.

Ал Техастагы праймериз шайлоодо Обаманы салык төлөөчүлөрдүн акчасын Solyndra сыяктуу компанияларга берди деп “жыландын башын кылтыйтты”. Solyndra казынадан 528 миллион доллар кредитке кепилдик алгандан кийин өзүн кудуретсиз деп чыга келген.

Ромнинин Бостондогу штабында анын отузга жакын жардамчылары Ак Үйдү ээлегенге камданууга киришти. Алардын үчтөн экиси президент Жорж Буштун администрациясында түрдүү кызматтарда иштеген.

Митт Ромни өзү айткандай, тышкы саясатта Рональд Рейганчасынан “тынчтык - күчтү даңазалоо менен” деген жолойду тутунмакчы. Ошон үчүн радикалдуу исламга каршы туруу максатында АКШнын чалгындоо кызматтарын чыңдап, армиянын санын 100 миңге көбөйтөт жана “ал-каидачылар” АКШга чалган телефондордун баары көзөмөлдөнөт.

Ромни президент Обаманын 2014-жылы Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүсүнө каршы жана президент Хамид Карзайга согушту бүткөрүүгө көмөктөш деп түз айтам дейт. Ал Обаманын Иран саясаты “ишке ашпады” деп санайт жана Тегеранды ядролук куралга жеткирбөө үчүн аскерий операциядан кайтпасын былтыр ноябрдагы бир дебатта айткан:

- Ал санкцияны талап кылса, өлкөдөгү режимди алмаштырууга козголоңчуларды шыктандырууну талап кылса, эгер бардык иштерди жасагандан кийин мунун баары ишке ашпаса, анда аскерий аракетке баргандан башка арга калбайт. Анда албетте, аскерий аракетке барасыз.

Ромни жыл башында Си-Ен-Ен телеканалына берген интервьюда Орусия жөнүндө “Анын биздин номур биринчи геосаясый душманыбыз экени талашсыз”, - деген жана президент Обаманын Кремль менен “мамилени кайра куруу” стратегиясын өзгөртөрүн жашырбайт. Серепчилер эгер Ромни президент болуп шайланса, Москванын экс-советтик мейкиндиктеги, анын ичинде Борбор Азиядагы таасирин аскерлерди машыктыруу жана жардамдашуу, студенттер менен илимпоздорду алмашуу жана жаңы соода келишимин түзүү аркылуу азайтканга умтулат дешет.

Ромни Ак Үйгө келсе, АКШ тышкы жардамды азайтат. “Мен өз жанын өзү бага алган ар кайсы өлкөгө акча жөнөткөндү токтотом. Американын кызыкчылыгына каршы өлкөлөргө эч кандай жардам болбойт”, - деп эскерткен Митт Ромни.

XS
SM
MD
LG