Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Обама экономикалык теңсиздикти азайтууга чакырды


Президент Обаманын жылдык кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

АКШ президенти Барак Обама өлкөдөгү абал боюнча жылдык кайрылуусунда экономикалык адилеттүүлүккө жетишүү планын баяндап, кирешеси көптөр менен аздардын салык төлөмдөрүндөгү теңсиздикти сынга алды. Ага катар АКШнын тышкы саясаттагы жетишкендиктерине токтолуп, өлкөсүнүн эл аралык аренадагы кубаты кайрадан артып бара жатканын белгиледи.

Конгресстин кош палатасында сүйлөгөн учурунда Барак Обама АКШдагы бай, орто катмар жана кедейлер ортосундагы экономикалык теңсиздикти тең салмактоого Салык кодексин реформалоо жана адамдардын жашоосун жакшырууга өбөлгө берүүчү саясат аркылуу жетишүү планын ачыктады.

Барак Обаманын пикиринде, бул АКШ үчүн азыркы учурдун тагдыр чечер маселеси:

- Биз телегейи тегиз адамдардын саны кыскарып жаткан, ошол эле учурда көптөгөн америкалыктар өп-чап күн көргөн өлкө болобуз. Же биз баары тең мүмкүнчүлүк алган, ар ким адилет үлүшкө ээ жана баары бир эреже менен ойногон экономиканы калыбына келтиребиз.

Жалпы улуттук телеканалдар түз алып көрсөткөнүн эске алганда, Барак Обаманын бул жылдык кайрылуусу анын сөзүн ноябрдагы президенттик шайлоо алдында болушунча кеңири аудиторияга жетүүгө жол ачты.

Обаманын үч жарым жылдык президенттик ишмердигине, өзгөчө экономикалык көйгөйлөр менен кантип алектенип жатканына түрдүүчө баа берилүүдө. Өлкөдө жумушсуздук көрсөткүчү мурдагыдай эле 9 пайыздык деңгээлде турат. Миллиондогон америкалыктар банктардан насыя алууда күрөөгө коюлган үйлөрүнөн кол жууду.

Барак Обаманын АКШдагы экономикалык теңдикти камсыздоо планы көбүнесе бай америкалыктар үчүн салык өлчөмүн жогорулатып, катардагы кызматкерлерге салык жеңилдиктерин берүүгө негизделген. Обама өз сөзүндө жылына бир миллион доллардан көп киреше тапкан америкалыктар 30 пайыздан кем эмес салык төлөөсүн сунуш кылды.

Бул идеяга оппозициядагы Республикалык партия караманча каршы. Республикачылардын алдыдагы шайлоодо Ак үйгө келүүгө ат салышкан талапкери Митт Ромни - мультимиллиардер. Анын жакында эле ачыкталган декларациясына караганда, Ромни 2010-жылы 21 миллион доллардык кирешесинен 14% тегерегинде гана салык төлөгөн.

Тышкы саясаттагы жетишкендиктер

Барак Обаманын пикиринде, дүйнөлүк оюнчу катары АКШнын эл аралык аренадагы абалы кайра чыңдалып жатат. Кошмо Штаттардын эл аралык таасири басаңдоодо, өлкө бул жатта "ылдый кете баштады" деп эсептегендер “эмнени айтып жаткандарын өздөрү билбейт” деген президент буларга токтолду:

- Биз өзөктүк материалдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн курган коалициядан тартып, ачарчылыкка жана эпидемияга каршы биз жетектеген миссияларга чейин, душмандарыбызга урган соккудан тартып, кубаты сакталып жаткан моралдык үлгүбүзгө чейин Америка кайра кайтып жатат.


Тышкы саясаттан Обама өткөн жылдагы жетишкендиктерге кыскача токтолду. Анын негизгилери - акыркы тогуз жылдан бери АКШ биринчи ирет Иракта аскерий аракеттерди жүргүзгөн жок. Соңку жыйырма жылдан бери биринчи ирет Усама бин-Ладен Кошмо Штаттар үчүн коркунуч болбой калды. “Ал-Каида” лидеринин башкы жардамчыларынын көбү жок кылынды, Ооганстанда талиптер мурдагы ыргагын жоготту жана өлкөдөн америкалык күчтөрдүн айрым бөлүктөрү мекенине кайта баштады:

-Ушул кубаттанган турумдан биз Ооганстандагы согушту бүтүрө башталдык. Он миң аскерибиз үйүнө кайтты, дагы жыйырма үч миңи ушул жылдын аягына чейин келет. Башкарууну оогандарга өткөрүп берүү жараян улантылат жана биз Ооганстан менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк курабыз, ал эч убакта АКШга кол салуунун булагы болбойт.

Барак Обама кайрылуусунда араб өлкөлөрүндө акыркы он беш айда болгон демократиялык кыймылдарга да кайрылды. НАТОнун Ливияда өзү кызуу колдогон миссиясын эскербестен, Обама дүйнөнүн эң узак бийликте турган диктаторлорунун бири, “колунда америкалыктардын каны бар” Муаммар Каддафи эми жоктугун белгиледи.
Ар ким адилет үлүшкө ээ жана баары бир эреже менен ойногон экономиканы калыбына келтиребиз.

Сириядагы окуяларга токтолуп, “өзгөрүүлөр үчүн кыймыл артка кетпей турганы, адамдын ар намысын жерүү мүмкүн эместиги” жакында ачыкталаарын айтты.

Ал эми Иран боюнча Тегеран өзөктүк курал жасабаганын далилдемейинче эл аралык коомчулуктун санкциялары улана берерин ырастады.

Вашингтондун сүйлөшүү жана кысым көрсөтүү боюнча эки жактуу саясаты эл аралык коомчулуктун Иранга каршы эң кубаттуу экономикалык санкцияларга гана алып барбастан, эки ортодогу чыңалуунун деңгээли азыр 1979-жылкы барымта кризисинен берки эң жогорку чекке чыккан кез.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG