Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Барселонада миллионго чукул киши Испаниянын биримдигин колдоду


Барселонадагы митинг, 8-октябрь, 2017
Барселонадагы митинг, 8-октябрь, 2017

8-октябрда Барселона шаарында Испаниянын бүтүндүгүн жактаган массалык митинг өттү. «Каталониянын жарандык коому» деп аталган кыймыл шаардын көчөлөрүнө 950 миң киши чыкканын билдирди.

Франс-Пресс агенттиги Барселона полициясынын маалыматына таянып, 350 миңдей киши митингге катышканын кабарлады.

Каталониянын Испаниянын курамында калуусун жактагандар Мадрид менен Барселонанын тиреши башталгандан берки эң чоң демонстрация уюштурду. Анын катышуучулары колдоруна каталондуктар менен испандардын желегин көтөрүп, элди биримдикке үндөштү.

Демонстрацияга катышууга Барселонага Нобел сыйлыгынын ээси, жазуучу Марио Варгас Лйоса келди.

Ишембиде Каталониянын бөлүнүшүнө каршы коомдук чаралар Мадрид баштаган бир катар испандык шаарларда өткөн.

XS
SM
MD
LG