Кытайда соңку беш жылда 1 миллион 300 миң мамлекеттик кызматкер коррупцияга аралашканы үчүн деген доо боюнча жазага тартылды. Алардын бардыгы тең башкаруучу коммунисттик партиянын мүчөлөрү.
Бул тууралуу Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комиссиясы 8-октябрда расмий жарыялады.
Жазага тартылгандардын 650ү жергиликтүү бийликтин аткаминерлери жана аларга кандай жаза чегерилгени так маалымдалган жок.
2012-жылдын этегинен тарта коммунисттик Кытайдын көзөмөл органдары 155 миң партиялык уюмдарды текшерип, жемкорлукка байланыштуу 65 миңдей шектүү жагдайларды аныкташкан.