Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Түркиядагы АКШ элчилиги виза берүүнү токтотту


АКШнын Анкарадагы элчилигинин имараты. 29.12.2016.
АКШнын Анкарадагы элчилигинин имараты. 29.12.2016.

АКШнын Анкарадагы элчилиги виза берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Американын Түркиянын борборундагы элчилиги расмий твиттер эсеби аркылуу билдирди. Бул кадамга негиз катары элчиликтин жана консулдуктардын кызматкерлеринин коопсуздугу маселеси белгиленди.
8-октябрдан баштап көчмөндөрдүн виза тартибинен тышкары бардык виза алуулар убактылуу токтотулду.
Түркия менен АКШнын дипломатиялык байланышы 11-февралда 1927-жылы түзүлгөн. 2016-жылы Америкадан Түркияга 11 миллиард долларга товар импорттолгон. Ал эми АКШда 180 миңге жакын түрк жараны жашайт. Эки өлкө тең НАТОнун мүчөсү. (ElB)

XS
SM
MD
LG