Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө


Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты. 9.10.2017.
Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты. 9.10.2017.

Бүгүн Бишкекте маркум вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрындагы коштошуу зыйнатында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Темир Жумакадыров президент боло турган жигит эле деп билдирди.

“Кыргыз эли бүгүн жылдыздай уулу менен коштошуп жатат. "Темир, президент боло турган жигит сенсиң" деп айткам. Ал өлкө башчысы боло турган жигит болчу. Коррупция менен күрөшүүдө, армияны, күч түзүмдөрүн, коопсуздукту камсыз кылууда мага чоң жардам берген. Темир таза коом, Кыргызстанда таза шайлоо болсун деп өмүрүн берди”, - деди президент Алмазбек Атамбаев.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат.

Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдыбар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен кагылышкан. Жол кырсыгынан үчөөнүн тең өмүрү кыйылды. Өкмөт алар Талас облусундагы шайлоо түйүндөрүнүн даярдыгын текшерүү үчүн баратканын маалымдады.

Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келген. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган.

Жумакадыровдун артында үч кызы, Жамгырчиев менен Мукановдун артында бирден жаш балдары калды.

XS
SM
MD
LG