Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Кыргыз эли мыкты уулунан ажырады


Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

7-октябрь күнү жол кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрда өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов 7-октябрь күнү жол кырсыгынан каза тапты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы бүгүн таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен сүзүшкөн.

Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин жыйынында
Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин жыйынында

Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиеванын белгилешинче, ал Талас облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү үчүн бараткан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов окуя боюнча Кылмыш кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча иш козголгонун маалымдады.

- Учурда бардык экспертизалар дайындалды. Окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин атайын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Мындан башка Чүй ОИИБнын тергөө кызматынын атайын тобу барды.

Сейитов тергөө иштери министрликтеги жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Учурда "КамАЗдын" айдоочусу көрсөтмө берип жатат. Алдын ала маалымат боюнча, оор жүк ташуучу автоунаанын 25 жаштагы айдоочусу машинеге Чүйдөн буудай жүктөп келатканы айтылды. Анын абалы дурус.

Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабынын башына 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келген. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын аркалаган.

Темир Жумакадыров президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Сүрөт ушул жылдын июнь айында тартылган.
Темир Жумакадыров президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Сүрөт ушул жылдын июнь айында тартылган.

Жумакадыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу замандаштары, саясатчылар, кесиптештери социалдык тармактарда үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, камчыга сап жигиттердин бири кеткенин айтып жатышат. Мындан сырткары ал жаманатты болбогон, артынан сөз ээрчитпеген чиновниктердин бири экенин белгилешүүдө.

Журналисттердин эсинде ал ачык, маалымат берүүдөн качпаган лидер катары калды. "Азаттык" радиосуна ал акыркы жолу 4-октябрда келип "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнө катышып кеткен.

"Кыргыз үчүн чоң жоготуу болду..."

Бүгүн, 7-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында өткөн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев Темир Жумакадыров тууралуу айтып, ал келечекте мамлекетти жетектөөчү инсандардын бири болмоктугун белгиледи.

Ал эми вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Жумакадыровдун дүйнөдөн эрте кетиши кыргыз өкмөтүнө, жалпы журтка чоң жоготуу болгонун айтты:

- Жамандык-жакшылыкта, суукта-ысыкта бири-бирибизге жардам берип, кеңеш менен, аракет менен чогуу журдүк. Бул биз үчүн, кыргыз өкмөтү үчүн, кыргыз эли үчүн чоң жоготуу.

Жумакадыров билим алган Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин Эл аралык байланыштар жана чыгыш таануу факультетинин деканы Рысбүбү Бейбутова маркумдун жөнөкөйлүгүн, ар бир маселеге олуттуу караган сапаттарын белгиледи:

- Канча жылдан бери тааныйм, бир да жолу ката кетирип, жеңил ойлуулук менен чечим чыгарганын көргөн жокмун. Жаш кезинде эле абдан олуттуу, чоң кишидей ойлонгон бала болчу. Үй-бүлөсүндө жакшы тарбия алган. Ал дагы жашашы керек эле, жаш эле. Мугалимдер анча-мынча ырым-жырымга ишенип "көп эл көзүнө көрүнбөй, телевидениеге чыкпай жүрсүнчү" деп мага айтышчу эле. Биз көп чыкпа деп суранчубуз. Бир жолу келинчеги Норага "Темирди сактап, карап жүрчү" деп жаздым. Ал да мага "Дайыма жанында карап, сактап жүрөм. Сөз берем" деп айткан. Келинчеги экөө тең биздин факультетте окуган.

Премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда. 27-сентябрь, 2017-жыл
Премьер-министр Сапар Исаковдун кабыл алуусунда. 27-сентябрь, 2017-жыл

Маркум Темир Жумакадыров 2009-2010-жылдары президенттин катчылыгында эксперттик милдетти аркалаган. Ошол кезде аны менен чогуу иштеген журналист Султан Жумагулов маркум тууралуу буларды айтты:

- Адамгерчиликтүү, жүрүм-туруму жакшы бала болчу. Бир нерсени үйрөнүп алайын деп көп окучу. Башынан эле коопсуздук маселелери менен алектенип, масштабдуу ой жүгүртчү. Мамлекет башчы да бекеринен ошондой орчундуу жерге алып барбаса керек. Келечеги кең жигит эле. Такыр эле шиштийген, кургап калган чиновник эмес болчу. Көркөм адабиятты окуп, азил-тамашага да жакын эле.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова мамлекеттик кызматкердин эс алуу укугу боюнча маселени көтөрүп, анын дем алыш күндөрү кызматтык сапарга баратканы туура беле деген суроону коюп жатат.

- Укуктук жактан алганда өкмөттүн бир топ токтомдору бар. Мисалы, дем алыш күндөрү өкмөттүн машиналары иштебеши керек, гаражда токтоп турушу керек деген. Эгер мамлекеттин машиналары дем алыш күндөрү көчөдө жүрсө кармап, сурашат. Ошондуктан эмне үчүн дем алыш күнү кызматтык сапарга барат деген ой кетти.

Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин катчысы, кийин вице-премьер-министр болуп турганда жол коопсуздугу боюнча маселелерди байма-бай көтөрүп келген. 2-сентябрдагы жыйында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча аракеттерди жетишсиз деп сындап, киши өмүрүн алган кырсыктар көбөйүп жатканын белгилеген эле.

Жол кырсыгында үч өмүр соолуду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Темир Жумакадыров 1979-жылы 4-августта Балыкчы шаарында туулган. Чолпон-Ата шаарындагы орто мектепти, Кыргыз Улуттук университетин "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган. Үч кыздын атасы.

Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө ыктыярчы, кийин ушул эле уюмдун Өнүктүрүү программасында Нарын облусу боюнча координатору, Улуттук университетте, Кыргыз-Жапон ЖАЙКА өнүктүрүү фондунда директор болуп иштеген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында өтөт, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Жумакадыровдун жанындагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Мукановдун артында бирден балдары калды.

Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.

"Азаттык" радиосунун жамааты маркумдардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Темир Жумакадыровдун "Азаттык" радиосуна берген маеги.

Жумакадыров: Айрым саясатчылар кылмыштуу топторду колдоно баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:26 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG