Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Реформа: демилге бар, ишке ашабы?


Кыргызстандын Коргоо кеңеши 4-июлдагы отурумунда тартип коргоо органдарын реформалоо чечимин кабыл алды.

Ага ылайык прокуратура, Коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги баштаган тиешелүү органдардын милдеттерине алымча-кошумчалар кирип, кайталанган түзүмдөр жоюлат. Бул кандай реформа болушу мүмкүн жана демилге кандай максатты көздөйт?

“Азаттык” радиосунун ушул жана башка суроолоруна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров түз ободо жооп берди.

“Азаттык”: Темир мырза, укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын бири-бирине берүүдөн, кыскартуу, кошуудан реформанын натыйжасы болбойт, системаны түп тамырынан өзгөртүү керек болчу дегендер аз эмес. Бул убакка чейинки аракеттерден бул реформа концепциясынын айырмасы эмнеде?

Темир Жумакадыров: Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери тигил же бул реформаларга дуушар болуп келатат. Биз изилдеп көрсөк укук коргоо органдарын реформалоону көпчүлүк учурларда өздөрүнүн колуна берип койгонбуз. Өзүн-өзү реформалаган органды мен көрө элекмин. Бул убакка чейинки реформаларда сырткы келбетин өзгөртүп эле койбосо, ички өзөгү өзгөрбөй ошол бойдон эле калып келген.

Акыркы үч жылдагы иштерди анализдеп көргөндө банги зат боюнча кылмыш иштерди ачкандардын 80 пайызы ИИМге, 20 пайызы аталган кызматка тийиштүү болгон.

Азыркы реформаны жүргүзүүдө биз акыркы эки жылдан бери эксперттер менен көп иликтөө, талдоо иштерин алып бардык. Жыйынтыгында бир нече маселелерди аныктап чыктык. Кыргызстандын тарыхында биз бул жолу өзөктүү реформаларга баратабыз.

Реформанын негизги маңызы - бирин-бири кайталаган органдарды жоюу. Ар биринин иштей турган аймагын так көрсөтүп бермейинче азыркыдай башаламандык токтобойт. Мисалы, Башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоо функциясын алып жатабыз, бирок кылмыш ишти жүргүзүү функциясы калат. Алардын көзөмөл милдетин күчтөнтүп жатабыз.

please wait

No media source currently available

0:00 0:24:16 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Реформаны жасоочу кадрлар эмеспи, эски ыкма, көнгөн адат менен иштеген бүгүнкү жетекчилер, кызматкерлер менен кантип ишти алдыга жылдырабыз деген суроолор аз эмес, кадрдык өзгөрүүлөр болобу?

Темир Жумакадыров: Албетте, реформанын маңызын түшүнгөн, аны ишке ашыра турган кадрлар керек. Укук коргоо органдарынын азыркы жетекчилери бул реформаны колдоп жатышат. Биз кадрдык чукул өзгөрүүсүз эле реформаны ишке ашырабыз деп ойлойм.

Укук коргоо органдарындагы колу туткак кызматкерлерден арылышыбыз керек. Ансыз ишибиз оңолбойт. Кадрларды тазалоо боюнча да үч-төрт сунушубуз бар. Жумушка алууну контракттык негизде кылалы деген оюбуз бар. Эгер контракттын талаптарын бузса иштен кетет. Мындан сырткары “ишенимди жоготуу институтун” киргизели деп жатабыз. Анын негизинде да жумуштан кетирсе болот.

“Азаттык”: Коргоо кеңешинин мүчөлөрү реформанын сапаттуу жүзөгө ашышы мыйзамдарга, анын ичинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу гана мүмкүн, кандай өзгөртүүлөр сунушталат?

Өзүн-өзү реформалаган органды мен көрө элекмин. Бул убакка чейинки реформаларда сырткы келбетин өзгөртүп эле койбосо, ички өзөгү өзгөрбөй ошол бойдон эле калып келген.

Темир Жумакадыров: Айтылган реформаларды турмушка ашырыш үчүн укуктук базабызга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Биз өкмөт менен бирдикте бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорлорду даярдайбыз, күздө парламент ишин баштаса карай баштайт. Мисалы, прокуратура боюнча Конституциянын айрым беренелерине өзгөртүү кириши мүмкүн.

“Азаттык”: Аталган кеңешмеде прокуратура органдарынан тергөө укугу алынып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилет деп айтылды. Прокуратура надзорлук эле кылып, анын статусу төмөндөп кеткен жокпу?

Темир Жумакадыров: Прокуратурада кылмыш ишин козгоо, аларды керектүү учурларда башка органдарга өткөрүп берүү функциялары сакталып калууда. Мындан сырткары аларга ведомстволор аралык тергөө топторун түзүүгө да укук берип жатабыз. Жалпы көзөмөл да прокуратурада калууда. Бул жерде эч убакта прокуратуранын статусу төмөндөбөйт.

“Азаттык”: Темир мырза, өкмөткө караштуу Маңзаттарды жүгүртүүгө каршы кызматы жоюлуп, Ички иштер министрлигине кошулат экен. Ал орган өз алдынча болгондон натыйжа чыкпады десек болобу?

Жумушка алууну контракттык негизде кылалы деген оюбуз бар. Эгер контракттын талаптарын бузса иштен кетет.

Темир Жумакадыров: Банги заттарга каршы күрөштү бизде эки орган алып барат: Ички иштер министрлиги жана Бангы заттарга каршы күрөшүү кызматы. Акыркы үч жылдагы иштерди анализдеп көргөндө банги зат боюнча кылмыш иштерди ачкандардын 80 пайызы ИИМге, 20 пайызы аталган кызматка тийиштүү болгон. Көрсөткүчтөр беш эсе аз болуп жатат. Кимге артыкчылык беришибиз керек? Албетте иштеп жаткандарга. Ошондуктан ал кызмат ИИМдин бир бөлүгү катары аларга кошулат.

Бүгүнкү реформаларды ишке ашырууда эң негизги таянычыбыз – бул президенттин колдоосу. Кечээги Коргоо кеңешинин жыйыны көрсөткөндөй парламент да бул реформаны колдоп чыкты. Өкмөт башчыбыздын, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин колдоосу күч. Бүгүнкү күнү бардык керектүү, зарыл шарт бар. Белди бек бууп эле ишке киришүү керек.

XS
SM
MD
LG