Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Реформадан жалкыган күч түзүмдөрү


Каныбек Иманалиев жана Темир Жумакадыров
Каныбек Иманалиев жана Темир Жумакадыров

Апта башында ички иштер министри Мелис Турганбаевдин күтүүсүз кызматтан кетиши коомчулукта ар түрдүү күдүк ойлорго жем таштады.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы күч түзүмдөрүндөгү соңку өзгөрүүлөргө арналды. Талкууга Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жана Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев катышты.

“Азаттык”: Темир мырза, Мелис Турганбаев кызматтан өз каалоосу менен эч кандай саясат жок эле кеткенин айтканы менен президенттин жарлыгы туурасында алдын ала кабардар болбогонун билдирди. Бийлик тарап деле анын кетүүсүнүн себебин ачык айткан жок. Эмнеге министрдин кетүүсүнүн себептери ачык айтылбай жатат?

Темир Жумакадыров: Эгерде бул жерде көмүскө, башка себептер болсо ошол жерден айтылмак. Анткени бул өзгөчө күч органдары же алардын башчылары туурасында сөз болгондо биз эч качан кандайдыр бир маалыматты жашырып, же бир нерсени көмүскө калтырууну туура көрбөйбүз. Ошондуктан бүгүнкү күндө мурдагы ички иштер министри өзү айткандай өз каалоосу менен арызын жазып берип, ошонун негизинде кетти. Кандайча ошол күнү чечим кабыл алынганы жөнүндө укпай калганын билбейт экенмин. Бул жерде эч кандай саясий же башка себеп жок. Өз арызынын негизинде кетти.

“Азаттык”: Каныбек мырза, "Ата Мекен" фракциясы министрлик кызматка сунушталып жаткан Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин колдоду. Эмнеге парламент мурдагы министрдин кызматтан кетүүсүнө кызыккан жок? Же өкмөттү кайра-кайра алмаштырып көнүп алган коалициялык көпчүлүк бул маселеге анча маани бергиси келбей жатабы? Бул жерде ар бир өкмөт мүчөсү үчүн коалициянын дагы жоопкерчилиги болуш керекпи?

Каныбек Иманалиев: Менимче буга бир эки себеп болуш керек. Биринчиси - соңку бир жылда бүт аскерий министрликтердин жетекчилери алмашты. Коргоо комитети, Улуттук гвардия, УКМК, Башкы штабдын башкы командачысы алмашты. Бул ошонун эле бир уландысы. Экинчиден, жаңы премьер-министр келди. Өзү ишенген тармакка өз адамдарын коюуга ынтызар болду окшойт.

Реформадан жалкыган күч түзүмдөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:38 0:00

“Азаттык”: Темир мырза, жыл башынан бери Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө бир катар кадрдык жүрүштөр орун алып келатат. УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызматтын жетекчилигине президенттин мурдагы жансакчысы делген Улан Исраилов дайындалган.

Жакында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалган Болот Сүйүмбаевди дагы маалымат каражаттарында Атамбаевдин мурдагы жансакчысы деп жүрүшөт. Президент өз сөзүндө койгон адамдарды жакшы билерин жана таза адамдар экенин ырастап жүрөт. Мындан улам талдоочулар президент кесипкөй кадрларга ишенбей, өзүнө берилгендерди чыгарарын жана мындай дайындоолор алдыдагы президенттик шайлоого түздөн түз байланыштуу деп жатышат?

Темир Жумакадыров: Эми бул жөн эле сөздөр болушу мүмкүн. Бирок мен Коргоо кеңешинин катчысы катары айта алам. Улан Исраилов буга чейин ИИМдин системасында иштеп, ал жерден бир чоң багытты бутуна тургузуп, жакшы иштерди алып барган. Бүгүнкү күндө бул жетекчинин чынында кесипкөй экенине көзүм жетет. Ошондуктан президенттин бул чечимин колдогом.

Андан тышкары бүгүн коррупцияга каршы күрөшүү процессин жаңы деңгээлге алып чыгышыбыз керек, системалык негизде бир топ иштер алдыда турат. Ошондуктан жаңы жетекчи жаңыча көз караш менен иштейт деген ишеним бар.

“Азаттык”: Чын эле системаны оңдоого караганда саясий кызыкчылыктарга артыкчылык берилип жаткан жокпу?

Каныбек Иманалиев: Биринчиден, бул президенттин ыйгарым укугу. Ал өзү ишенген, каалаган, татыктуу адамды дайындайт. Саясатта мындай болуп келген, буга чейин да мындай болгон, мындан кийин да ошондой болот. Атүгүл Владимир Путиндин да жансакчысы азыр Улутук гвардиянын башчысы, 300 миң аскери бар. Кеп анын иштеп кеткенинде.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG