Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Жумакадыров: Чагымчыл аракеттерге жол бербейбиз


Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Садыр Жапаровдун жактооочуларынын камакка алынышы боюнча ой бөлүштү.

"Азаттык": Укук коргоочулар жана айрым серепчилер Садыр Жапаровдун таламын талашкан 60тан ашуун кишинин 2-5 суткага чейин камалышын сындап жатышат. Алар Конституциядагы жана башка адам укуктарына байланыштуу мыйзамдардагы кепилдиктерди буга мисал келтирүүдө. Бийлик тарап кармоолор боюнча кандай аргументтерди айта алат?

Жумакадыров: Бийликтин негизги аргументи бул - мыйзамдуулук. Коомчулук күбө болгондой, митингчилер өз позициясын, пикирлерин билдирүү менен чектелбей, мыйзамсыз аракеттерге чакырык жасашкан.
Алардын мыйзамга жатпаган жоруктарын атай кетсем, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Милиция кызматкерлерине кол салууга барышкан. Тартип сакчыларынын тосмолорун жарып өтүп, бирөөнүн мүлкүн атайылап талкалоо фактылары катталды. Тынчтык митингин өткөрүү эрежелери сакталбай, коомдук тартипти одоно бузууга жол берилген. Бул жерде укук коргоо органдарынын аракети баары мыйзам чегинде болду. Ал үчүн тийиштүү себептер бар эле.

"Азаттык": Ошол эле учурда митингчилердин таяк жегенин да көрбөдүкпү?

Жумакадыров: Коомдук тартипти камсыздоо учурундагы талаптары аткарылбаса, кээ бир учурда тартип сакчыларынын күч колдонууга мыйзам чегинде укугу бар.

"Азаттык": Митингчилердин көзүн көгөртүп урганга укугу барбы?

Жумакадыров: Көзүн көгөртүү же башка жагдайлар боюнча албетте териштирүү жүргүзүлөт. Кандай шартта көгөргөнү текшерилет.

"Азаттык": Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы боюнча бийликтин азыркы көз карашы кандай өзү?

Жумакадыров: Мен ойлойм, биздин мамлекетибиз чөлкөмдө гана эмес, дүйнө жүзүндө өзүнүн Конституциясында, мыйзамдарында адам укугун сактоо кепилдиктерин жогорку деңгээлде камсыздаган өлкөлөрдүн бири. Иш жүзүндө дагы бардык тийиштүү институттар жогорку деңгээлде иштешет. Ошол эле учурда дагы бир көрсөткүч - жарандык коомдун активдүүлүгү да адам укугунун сакталышын мыкты камсыз кылууга жол ачат. Ошол эле учурда айрым коомдук ишмерлер, кээ бир бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү абалга субъективдүү көз караш менен баа берип жатышат. Эгер баары объективдүү баалашса, бул жаатта эч кандай суроо жаралмак эмес.

"Азаттык": Кыргыз бийлиги акыркы нааразылык акцияларынан кандай кесепеттерди көрүп жатат?

Жумакадыров: Жазгы талаа иштери башталып жатканда мындай чагымчыл иштерге баруу өтө туура эмес. Анын үстүнө бүгүнкү күндө Кыргызстан эл аралык аренада жакшы рейтингге ээ болуп, инвесторлор кызыгып келатканда, мунун кереги жок болчу. Жайкы туризм сезону да жакындап жатат. Бул тармакка да зыянын тийгизет. Ошондуктан, жарандарыбыз, кыргыз коомчулугу чагымга алдырбай, окуяларга объективдүү баа берип, чагымчылардын артынан ээрчибесе жакшы болмок.

Мындан ары да кандайдыр бир чагымчыл аракеттер болсо, коомдук тартипти бузуу коркунучу жаралса, анын алдын алуу, токтотуу үчүн мыйзам чегинде аракет кылууга укук коргоо органдары даяр. Керек учурда күч да колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Мындан ары мамлекетибизде чагымчыл, мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербейбиз.

P.S.: Чет өлкөдөн келгенде чек арадан кармалган Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын 26-мартта Биринчи май райондук соту карап, тергөө аяктаганча камакта болот деген чечим чыгарган. Ал эми 25-мартта Бишкекте Жапаровду колдогон акцияда колго түшкөн 105 кишинин 64ү эки суткадан беш суткага чейин камакка алынган.

Темир Жумакадыров менен маектин аудиосун бул жерден угуңуз:

"Чагымчыл аракеттерге жол бербейбиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG