Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Жарандык коом сөз эркиндигин коргоп чыкты


Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүш болду.

Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деп аталган тынчтык жүрүш керней-сурнай тартылып, майрамдык шаң менен башталды. Жүрүшкө жүзгө жакын адам катышты. Алар бийликти сөз эркиндигин чектебөөгө үндөгөн жазууларды, шарларды жана желектерди кармап басышты.

Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталган жүрүш Байтик баатыр көчөсү менен ылдый уланып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды. Иш-чарага парламент депутаттары, саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык активисттер катышты.

Милиция депутатты баш кылып кармады

Жүрүштүн катышуучулары Бөкөнбаев көчөсүнөн чоң жолго чыгууга аракет кылганда милиция кызматкерлери айрым активисттерди кармап кетти. Жүрүштүн уюштуруучусу, коомдук ишмер Эдил Байсалов иш-чара үчүн мэриядан уруксат алынганын, милициянын кармаганы мыйзамсыз экенин айтууда.

- Бөкөнбаев көчөсүнөн бизге милиция тарабынан кол салуу болду. Бизди бастырышкан жок. Биз жолду эч кандай тосмок эмеспиз. Керек болсо бир тилке менен басып, мерчемделген жерге он мүнөттө жетмекпиз. Алар атайын чагым кылып жүрүштүн катышуучуларын кармап кетти. Мени да кармаганга аракет кылышты. Мунун баары мыйзамсыз.

Ошентип үч автобус толгон милиция кызматкерлери жүрүштүн алдыңкы сабында келаткан “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековду, ушул эле партиянын мүчөсү Айбек Мырзаны, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевди, экономист Азамат Аттокуровду кармап милиция бөлүмүнө алып барды.

Милиция парламент депутаты Каныбек Иманалиевди, ББС радиосунун кабарчысы Абдыбек Казиевди да кармап, кайра кое берди.

Тынчтык жүрүшүнө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана КСДП фракциясынан Жанар Акаев жалгыз катышты. Акаев жүрүшкө депутат катары эмес, сөз эркиндигине кайдыгер карабаган жаран катары катышканын айтты:

- Мен КСДП партиясынын атынан чыкканым жок, жөн гана жаран катары катышып жатам. Анткени биздин коомго күчтүү журналистика керек. Журналисттер жемкор аткаминерлерди ооздуктап турат. Соңку соттошуулар журналисттерди өзүн-өзү чектөөгө алып келет. Алар соттон коркуп, оор темаларды, курч иликтөөлөрдү жасай албай калат. Тескерисинче, курч журналистика, сапаттуу кабарчылар коомдун тазаланышына, коррупциянын азайышына салым кошот, керек болсо бул багытта бийликке жардам берет.

Ошол эле учурда Бишкектин айрым тургундары бул акция тууралуу кабарсыз экенин айтып, жүрүшкө таң калуу менен сырттан байкоо салып турушту. Алардын бири Алмаз Зулпукаров сөз эркиндигин колдорун, бирок жоопкерчиликти унутпоо керектигин айтууда.

- Мен бул жүрүш жөнундө уккан эмесмин. Көрүп алып таң калып жатам. Негизи сөз эркиндигин колдойм. Бирок бардык нерсенин чеги болуш керек. Сөз эркиндиги деп эле бийликтегилерди жамандаган болбойт. Чектен ашпаш керек.

Сөз эркиндигин коргогон жүрүш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Жүрүш саясатташып кеттиби?

Жүрүшкө саясатчылар көбүрөөк катышкандыктан сөз эркиндиги менен кошо саясий ураандар да жаңырды. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы Марат Токоев жүрүштүн саясатташып кеткенин жактырбайт. Ал сөз эркиндигин бийлик менен медиа мунаса жолу менен коргоп калышы керек деген ойдо.

Жүрүшкө "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү да катышты
Жүрүшкө "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү да катышты

- Көз карандасыз журналисттер уюмунун мүчөлөрү көп чыккан жок. Анткени бул жүрүш саясатташып кетти. Ошондуктан көп журналисттер чочулап жатат. Мен болсо сөз эркиндигин коргоп чыктым. Анткени сөз эркиндиги медиага эле эмес, бийликке да керек. Эгер кысым улана берсе арты жакшы болбойт. Анткени чектөөлөр улана берсе маалымат элге толук жетпей калат. Мындайдын эч кимге кереги жок.

Анткен менен Бишкек милициясы Байтик баатыр көчөсү менен жүрүш жасоого Октябрь райондук соту тыюу салганын, бул чечим башка шаардыктарга тоскоолдук жаратпоо максатында алынганын айтууда. Алардын ишендиришинче, жүрүш катышуучулары чоң жолго чыкпай, тротуар менен кеткенде кармоолор болмок эмес. Кармалган активисттерди Свердлов райсоту бейбаштык, милицияга баш ийбөө беренелери боюнча айыптап, беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарганы маалым болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG