Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Өмүрүн элине арнаган Темир

7-октябрь күнү жол кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтүп жатат. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов 7-октябрь күнү жол кырсыгынан каза тапты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, вице-премьер-министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы бүгүн таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен сүзүшкөн.


XS
SM
MD
LG