Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:59

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Кочкор-Ата шаарынын тургундары менен 8-октябрдагы жолугушууда мурдагы ИИМ Молдомуса Конгантиевди, оппозициядагы саясатчылар, тандемдештери Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековду азыркы бийликтен запкы көрүп жүрүп, ошол бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткендер деп сындады.

Президенттик шайлоо алдында оппозициядагы саясатчылар Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев бийлик талапкерине каршы бир талапкер чыгаруу үчүн макулдашып, төртилтик көп узабай ыдырап кеткен.

Мадумаров ошондой эле Кочкор-Атада Жээнбеков менен өзүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу бир учурга коюлуп калып, тоскоолдук жаралды деп билдирди. Интернет аркылуу таратылган видеодо стадиондун трибунасында эки талапкер жана анын тарапкерлери жүргөнүн көрүүгө болот.

Кочкор-Ата шаар бийлигинин "Азаттыктын" кабарчысына берген маалыматы боюнча бул күнү Сооронбай Жээнбековдун шайлоочулар менен жолугушуусун стадиондо, Адахан Мадумаровдун жолугушуусун ага жакын жердеги Маданият үйүндө өткөрүү макулдашылган. Жолугушуу убактысы бири-бирине дал келген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ага катышууга 13 талапкер катталган. Кийин Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековдун, ал эми Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабановдун пайдасына президенттик жарыштан баш тартышкан.(RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG