Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:26

Кочкор-Ата мэриясы: Сариевдин жолугушуусуна тоскоолдук болгон жок


Темир Сариев.

Президенттикке талапкер Темир Сариевдин 8-октябрда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусуна тосколдуктар жасалган эмес. Шаардык мэриянын юристи Айгүл Нуркамилованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, айрым массалык маалымат каражаттарында Темир Сариевге шайлоочулар менен жолугушууга жергиликтүү бийлик стадион, маданият үйүн бербей коюптур деген маалыматтар чындыкка туура келбейт.

"Сариевдин штабынан бизге жолугушуу уюштуруу тууралуу жай сурап кайрылуу болгон эмес. Бардык талапкерлерге биз бирдей шарт түзүп жатабыз" деди Нуркамилова.

Ал эми талапкер Сариевдин штабынын өкүлү Назира Ахмедованын айтымында, аймактык штабдын кызматкерлери жолугушуу боюнча стадионду, маданият үйүн жана башка жерлерди сурап кайрылганда уруксат бербей койгон. "Аргасыз Темир Сариев кечээ шаардагы китепкананын жанында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү" деди Ахмедова.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG