Барселонада өлкөнүн биримдигин колдогондор Каталония автоном аймагында өткөн көз карандысыздык референдумунан кийин ири демонстрация өткөрүштү.
Жекшемби күнкү иш-чарага, уюштуруучулардын айтымында, 900 миңден көп киши катышты. Полиция жана маалымат агенттиктери 350 миң киши катышканы тууралуу кабарлашты.
Каталониянын Испаниянын курамында калышын жактагандар биримдикке чакырган ураандарды, желектерди көтөрүп чыгышты. Ишембиде ушундай эле жүрүштөр башка региондордо жана Мадридде болгон.
Анын алдында Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой El Pais гезитине берген интервьюсунда Каталониянын бөлүнүшүнө жол бербесин айтып, региондун автономиясын токтотууну караган берене колдонулушу мүмкүн деп эскерткен.
Испаниянын конституциялык соту мыйзамсыз деп тапкан референдум 1-октябрда өткөрүлгөн. Уюуштуруучулардын маалыматы боюнча добуш бергендердин 90% эгемендикти колдошкон.
Каталония парламенти 10-октябрда референдумдун жыйынтыгын бышыктоого тийиш.