Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

БШК Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөнү боюнча арыздарды кароодо


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу топторунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү боюнча арыздар каралууда. БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, талапкердин 28-сентябрда Оштун Он-Адыр кичирайонунда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу дооматтар көп түшүүдө:

- Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча БШК атайын кызматтарга эксперттик баа берүүсүн өтүнүп, корутунду чыгарган. Корутунду азырынча жумушчу топтордо. Азырынча БШКнын жалпы отурумуна чыгарыла элек.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго буга чейин эки жолу БШК тарабынан эскертүү берилген. Биринчиси - үгүт баннерлерине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана башка айрым мамлекеттик кызматкерлердин сүрөтүн илгени үчүн, экинчиси - диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн берилген.

28-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр кичирайонунун тургундары менен жолугушуусунда айткандары кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган. Ошто, Өзгөндө жана Жалал-Абадда Бабановго каршы тынчтык митингдери өткөн. Таласта болсо талапкер Өмүрбек Бабановду каралоону токтотуу талабы менен митинг болгон.

Өмүрбек Бабановдун штабы болсо, аны каралоо максатында интернетке талапкерди атайын монтаждалган видеотасма таратылганын айтып чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG