Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Аспеков бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген шек менен кармалды


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

“Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматта "Мелис Аспеков белгилүү бир адамдардын тобунун кызыкчылыгы үчүн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң, айрым жарандар менен алдын ала бүтүм боюнча Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыруу пландарына катышкан. Аспеков Исаев жана “Республика” партиясынын айрым жактоочулары менен байланышта болуп туруп, шайлоо учурунда жана андан кийин башаламандыкка катышуу үчүн тарапкерлерди чогултуу аракетин көргөн" деп айтылат.

УКМКнын Тергөө башкармалыгы Аспековго 9-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү (массалык башаламандыкка даярдык көрүү), 27-295-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун төрагасы, жарандык активист Адил Турдукулов Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагында 48 саатка камалганын маалымдап, муну "саясий куугунтук" деп баалап жатат. Кечээ Аспеков камакка алынардан мурун интернеттеги Youtube каналында "Кыргызстанда массалык башаламандык уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр" деп аталган видео тараган. Анда Мелис Аспеков жана жаш активист Нурбек делген кишилердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жазылган.

Аспеков камактагы экс-депутат Садыр Жапаров лидерлик кылган "Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы. Ал 2015-жылы жергилкитүү таксисттин арызы менен кармалып, камалып чыккан.

УКМК парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаевди 30-сентябрда "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелерине ылайык козголгон кылмыш иштин кармап, камакка алган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Канатбек Исаев тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Депутат, анын жакындары жана саясий өнөктөштөрү ал саясий негизде камакка алынды деп билдирип келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG