Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Жумаков: Салянованын укугу бузулуп жатат


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат, мурдагы башкы прокурор жана экс-юстиция министри Аида Салянованын соту бүгүн саат 8.30да башталат. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Улан Жумаков "Азаттык" радиосуна билдирип, ишти карап жаткан судья чукул арада өкүм чыгаруу максатында убакыт тартибин сактабай, мыйзам бузуп жатканын белгиледи.

Салянованын соту 9-октябрда кечки саат 20.00гө чейин уланган. Кечке жуук териштирүү маалында Салянова убакыт 17.30 болуп калганын судьяга эскертип, жараянды башка күнгө жылдырууну суранды. Актоочу тарап да сот 8.30дан баштап жүрүп жатканын билдиришти. Мамлекеттик айыптоо болсо "адвокаттардын бири Чынара Жакупбекованын келбей калганына байланыштуу 9-октябрдагы териштирүү 8.30да башталган жок, сотту атайлап создуктуруу аракети көрүлүп жатат" деген негизде бул өтүнүчтү четке кагууну, ишти кароону улантууну сурады.

Судья Кубанычбек Касымбеков жараян үч саат кеч башталды деген жүйө менен аны 20.00гө чейин кароону чечти. Соттун чечимине Салянованын тарапкерлери, жакындары нааразылык билдирип, депутат кичинекей кызы ооруп жатканына карабай териштирүүгө келгенин, анын укуктары тебеленип жатканын айтышты.

Аида Салянова жана адвокат Улан Жумаков судья Кубанычбек Касымбековго дагы бир жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Буга чейин бир нече жолу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн, бирок ал өтүнүчтөр четке кагылып, соттук териштирүү уланып келет.

Депутатка кылмыш иши былтыр декабрда козголгон. Башкы прокуроратура менен УКМК ал юстиция министрлигин жетектеп турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген негизде Кылмыш кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине ылайык иш козгогон. Салянова өзүнө козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG