Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:25

Кыргызстанда жылына 10 миң киши каттоого алынат. Жалпысынан 50 миңден ашуун адам оор психикалык дарттар менен жабыркайт. Ал эми профилдүү адистер жетишпейт. Республика боюнча балдардын тогуз гана психикалык терапевти бар, талап боюнча 50 адис керек. Мындай маалымат психикалык саламаттык күнүнө карата акыл-эс оорулуулардын жашоосун жакшыртууга багытталган жыйында айтылды.

Иш-чараны "Сорос Кыргызстан" фонду демилгелеп, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, "Үй-бүлө жана коом", "Психикалык саламаттык жана коом" уюмдары катышып жатат. Жыйында өлкөдөгү акыл-эс дарттары менен жабыркаган адамдарга туура камкордук көрүү талкууланып жатат.

Бүгүн - дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү. Дүйнөдө 450 миллион киши ар түрдүү акыл оорулары менен жабыркайт.

Кыргызстанда туруктуу каттоодо турган акыл оорулууларынын саны азыр 71 миңге чамалайт. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG