Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:41

Кремл Саудия менен ракета келишимин коргоп чыкты


Саудиянын падышасы Салман жана орус президенти Владимир Путин, Москва, 5-октябрь.

Кремл Орусиянын S-400 ракетадан коргонуу системасын Сауд Арабияга сатуу тууралуу келишим башка өлкөлөргө коркунуч жаратпасын билдирди. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 9-октябрда "бул келишим Иранга коркунуч жаратпайбы" деген суроого жооп берип жатып айтты.

Өткөн аптада Сауд Арабиянын падышасы Салман Москвага келип, орус тарап менен бир нече курал-жарак келишимин макулдашкан. Саудия АКШнын Жакынкы Чыгыштагы узактан берки өнөктөшү болуп эсептелет. Андыктан Москва менен соңку келишим Вашингтондо тынчсызданууларга себеп болду.

Орусия менен келишим жарыялангандан көп өтпөй АКШнын Мамлекеттик катчылыгы THAAD ракетадан коргонуу системасын Сауд Арабияга 15 миллиард долларга сатууга макулдук бергени кабарланды.

XS
SM
MD
LG