Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Салык кызматы патенти жок иштеп жаткан ырчы, тамадалардын тизмесин чыгарды


Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы ресторан жана кафелерде рейд өткөрүп, салык мыйзамдарын бузган операторлорду, фотографтарды, тамада, ырчы жана бийчилиерди кошуп жалпысынан 67 ишкерди аныктаган. Аталган мекеменин бүгүн, 10-октябрда тараткан маалыматына караганда, рейд учурунда эстрада ырчылары Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев, Гүлжигит Калыков, Айгүл Чалова уруксат берүүчү документтерин көрсөтө алган эмес.

Мындан сырткары тамадалар Асылбек Өзүбеков, Нурдөөлөт Копоев, М. Жаныбек уулунун да тиешелүү документтери жок болуп чыккан.

Аталган рейдде сүрөткө тартуу кызматын көрсөткөн 33 субъекттин 24үндө ыктыярдуу патенти болгон, калган 9унда уруксат берүү документи жок болгон. Видеого тарткан 27 субъекттин ичинен 12си патенттерин көрсөткөн, ал эми 15 субъекттин уруксат берүү документи жок болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө тамадалык кызмат көрсөткөн 33 субъекттин 15инде гана ыктыярдуу патенти бар болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү рейддик иш-чаралардын актысы түзүлүп, бардыгына эскертүү берилди.

Тойлорду алып баруу жана тейлөө кызматына патенттин баасы айына 500 сомдон 2500 сомго чейин турат. Ишкерликтин бул түрү боюнча Салык кызматына 2017-жылдын сегиз айында 665 миң сом түшкөн. Салык кызматы мындай текшерүүлөрдү дагы улантарын билдирди.

Салык кызматы сентябрь айынын соңунда ушундай эле рейд өткөрүп, анда белгилүү алып баруучу Бакыт Байсариев, Урмат Борченов, Майрамбек Осмонов патенттерин көрсөтө алышпаганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG