Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Толкунбек Абдыгулов Республикалык шайлоо штабын жетектейт


Республикалык шайлоо штабынын башчысы болуп биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Бул тууралуу жарлыкка өкмөт башчы Сапар Исаков 10-октябрда кол койду.

Премьер-министрдин жарлыгы менен шайлоо штабынын башчысынын орун басары болуп өкмөттүк аппараттын башчысы Нурканбек Момуналиев, ал эми мүчөлүгүнө өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков дайындалды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча Республикалык штабды башында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген. Ал "Баткен сапарында талапкер Жээнбековго үгүттөдү" деген доомат менен штаб башчылыгынан алынып, ордуна дагы бир вице-премьер-министр Темир Жумакадыров дайындалган. Темир Жумакадыров 7-октябрда автокырсыктан көз жумган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 13 талапкер катталган. Кийинчерээк Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаев башка талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн президенттик жарыштан баш тартышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG