Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:30

Кыргызстан Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатты


9-октябрда кыргыз коомчулугу жаш мамлекеттик ишмер, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатты.

Коштошуу митинги Кыргыз мамлекеттик улуттук драма театрында өтүп, ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган жүздөгөн адамдар катышты. Темир Жумакадыровду эскергендер анын бийик адамгерчилигин, билимин, мамлекеттик деңгээлдеги ой чабытын, башкаруучулук мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.

"Кыргыз эли жылдыздай уулу менен коштошту"

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрындагы коштошуу зыйнатында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Темир Жумакадыров президент боло турган жигит эле деп билдирди.​

“Кыргыз эли бүгүн жылдыздай уулу менен коштошуп жатат. Келечекте Кыргызстанды башкара турган жигит болчу. Мен өкмөткө жөнөтүп жатканда “Темир, сен өкмөттүн дагы ишин көр, келечекте президент боло турган жигит сенсиң" деп айткам. Коррупция менен күрөшүүдө, система түзүүдө, армияны, күч түзүмдөрүн, коопсуздукту камсыз кылууда мага чоң жардам берген. Темир таза коом, таза мамлекет, Кыргызстанда таза шайлоо болсун деп өмүрүн берди” деди Алмазбек Атамбаев.

Маркум вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.

Чырактай уулунан ажырган маркумдун жакындары көз жашын тыя албай мунканып турушту. Агасы Турдубек Абдрахманов Темир Жумакадыров жалпы туугандарына дайыма үлгү болуп келгенин, шум ажал алардын үй-бүлөсү үчүн орду толгус чоң жоготуу алып келгенин айтып кейип турду.

- Темир уулубуз жаштыгына карабай туугандар арасында өзүнүн жароокерлиги, зиректиги, түздүгү, тууганчылдыгы менен айырмаланып турчу. Чоң кадыр-баркка ээ болчу. Темирдин эмгегин көрүп, өсүп баратканына туугандар кубанып турар элек. Кош, айланайын Темир! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Кызматы болбосо дагы алтындай башы аман болгондо эмне...

Топурак салууга парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган мамлекеттик кызматкерлер барышты.

Убагында Кыргыз улуттук университетинде сабак берген агайы, экономист Жумакадыр Акенеев эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштаган Темир Жумакадыровдун лидерлик сапатын белгиледи.

- Мен келген жылы бүтүп, мугалим болуп иштеп жатыптыр. 3-4 жылдан бери мугалим болгондой токтоо болуп өзүн көргөздү. Мен ошондо эле "мугалим болуп көпкө иштебейт, бир жакка алып кетет" деп айткам. Анан чын эле эки жылга жетпей жогорку кызматка алып кетишти.

Ал эми Коопсуздук кеңешинде чогуу иштешкен, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров кырсыктан өмүрү кыйылган кесиптешин эл аралык уюмдарда иштеп, мамлекеттик жогорку кызматтарда дагы тажрыйба топтогон мыкты башкаруучу эле деп эскерип турду.

- Көйгөйлүү маселе - коопсуздук. Ал эми Темир Курмангазиевич кылган салымдары келечекте региондо күчтүү болууга чоң салымы бар деп айтсак болот. Мен жети жыл иштештим, эң жөнөкөй, кичипейил, башка адамдарды ойлоп, өзүн унутуп койгон инсан эле.

Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Маркум вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрда таңкы саат 7:30да Бишкек-Чалдыбар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен кагылышкан. Жол кырсыгынан үчөөнүн тең өмүрү кыйылды.

Өкмөт алар Талас облусундагы шайлоо түйүндөрүнүн даярдыгын текшерүү үчүн баратканын маалымдады.

Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп, 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келген. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган.

Жумакадыровдун артында үч кызы, Нурлан Жамгырчиев менен Нурбек Мукановдун артында бирден балдары калды.

Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук соту автокырсыкка тиешеси бар "КамАЗ" жүк ташуучу унаасынын айдоочусун эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 Тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, өлкөнүн ИИМдин тергөө кызматы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров баштаган үч кишинин өмүрүн алган автокырсыкты иликтөөнү жүзөгө ашырууда.

Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиевди акыркы сапарга узатуу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Заирбек Бактыбаев

    "Азаттыктын" веб-редактору, журналист. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG