Нурлан маңдайы жарык жигит эле
Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер министрдин жардамчысы Нурлан Жамгырчиев менен коштошуу Бишкектин Көк-Жар конушундагы өзүнүн үйүндө өтүп жатат. Нурлан Жамгырчиев 1987-жылы Бишкекте төрөлгөн. Каржы полициясында, Башкы прокуратурада иштеген. Кыргыз юридикалык академиясын кызыл диплом менен аяктаган. Бир баланын атасы, спорттун чебери эле. 30-августта вице-премьер министрдин жардамчысы болуп дайындалган. Вице-премьер-министр, Республикалык шайлоо штабынын башчысы, 38 жаштагы Темир Жумакадыров, анын 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов 7-октябрь күнү жол кырсыгынан каза тапкан. "Азаттык" радиосунун жамааты маркумдардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
Чыгарылыштар
-
Февраль 19, 2026Баткен: Элге жер бөлүштүрүлө баштады
-
Февраль 18, 2026Баткен: Аялдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болгон демилге
-
Февраль 07, 2026"Мээнет текке кетпесе". Абалы арсар автомектептер