Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

Каталон лидери парламентте кайрылуу жасайт


Каталония автономдук аймагынын лидери Карлес Пучдемон

Испаниянын Каталония автономдук аймагынын лидери Карлес Пучдемон 10-октябрда жергиликтүү парламентте кайрылуу жасайт. Расмий Мадрид бүгүнкү жыйында каталон парламенти көз карандысыздыкты бир тараптуу жарыялабайбы деп кабатырланууда.

Каталон расмийлери 1-октябрдагы референдумда шайлоочулардын басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдоп добуш беришкенин айтып жатат. Ошол эле учурда дем алыш күндөрү Барселонада жүз миңдеген адам Испаниядан бөлүнүүгө каршы демонстрацияга чыгышты.

Испан соту Каталониянын референдум өткөрүү тууралуу мыйзамын Конституцияга каршы келет деп тапкан. Ал мыйзамга ылайык, парламент көз карандысыздыкты колдосо, Испаниядан бөлүнүү боюнча алты айлык сүйлөшүү башталат.

XS
SM
MD
LG