Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, штабдын билдирүүсү менен тааныштырды. Намазалиев сөзүндө БШК, УКМК жана КТРК бир талапкердин адвокаты болуп, ал эми Өмүрбек Бабановго каршы "кара пиар" кылып жатат деп билдирди:
- БШК бир гана талапкерге иштеп, Бабановго каршы иштерди кылууда. Биз Сооронбай Жээнбековдин сүрөтү тартылган баннерди асууга Боршайкомдун уруксатын алганбыз. Бирок кийин Бабановго эскертүү берип, Жээнбековго иштеп атканын билдирип койду. Ал эми Садыкжан Камалов боюнча да кош стандартуулукка жол берилди, биздин талапкерге эскертүү берди. Эми үчүнчү эскертүүнү Он-Адыр боюнча берүүгө аракет кылып жатат.
Мирсулжан Намазалиев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду каралоо аракети менен Он-Адырда айтылган сөздөр боюнча чагым уюштурулуп, атайын кызматтар маалыматты бурмалап жатат деп кошумчалады.
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов эки жолу БШК тарабынан эскертүү алган. Биринчиси - үгүт баннерлерине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана башка айрым мамлекеттик кызматкерлердин сүрөтүн илгени үчүн, экинчиси - диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн берилген.
9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу топторунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү боюнча арыздар каралып жатканы айтылган.(BkA/ZKo)