Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Жапонияда шайлоо өнөктүгү башталды


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ

Жапонияда 10-октябрда парламенттик шайлоо кампаниясы башталды. Эрте шайлоо өткөрүү демилгесин көтөргөн премьер-министр Синдзо Абэ үгүт иштерин Фукушима префектурасында баштады.

Премьер анын тажрыйбасы Түндүк Кореянын атомдук программасы, ички демографиялык кризис өңдүү маселелерди чечүүдө керек деп белгиледи.

Бийликтеги партияга негизги атаандаш болуп Токио шаарынын мэри Юрико Коике жетектеген "Үмүт" партиясы чыгууда. Ал шайлоону жеңе турган болсо, Жапониянын алгачкы аял премьер-министри болуп калышы ыктымал.

Синдзо Абэ мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин саясий рейтинги өйдө болуп, оппозиция иретсиз абалда турган чакта жарыялады.

XS
SM
MD
LG