Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Трамп "Түндүк Кореяны жок кылабыз" деп коркутту


Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында алгачкы ирет сүйлөгөн АКШ президенти Доналд Трамп дүйнө элдерин Түндүк Корея менен Иранга каршы катаал мамилени карманууга үндөп, АКШ жана анын шериктерине чындап коркунуч жаратса, Түндүк Кореяны толугу менен жок кылууну убада кылды.

19-сентябрда Нью-Йоркто чогулган ондогон мамлекет жетекчилери менен башка расмий өкүлдөрүнө кайрылган Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп бир катар катаал билдирүүлөрдү жасады.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды "ракета-киши" деп тергеп, ал өз өмүрүн тобокелге салган жанкечтилик миссиясын улантып, “чирип бараткан” режимди башкарып жатканын айтты.

- Кошмо Штаттар эбегейсиз күч жана чыдамкайлыкка ээ. Бирок өзүн же өнөктөштөрүн коргоо зарылдыгы келип чыкса, биз Түндүк Кореяны толугу менен жок кылгандан кайра тартпайбыз. "Ракета-киши" жеке өзү жана бийлигин жок кылчу жанкечтиге айланды. АКШ аны жок кылганга даяр, ага кудурет-күчү жетет, бирок андай зарылдык чыкпайт деп үмүттөнөбүз.

Доналд Трамп андан аркы сөзүндө кээ бир мамлекеттер Пхеньянды каржылык жактан колдоп, курал-жарак берип, соода-сатык алакасын улантып жатканын айыптады. АКШ президентинин бул айткандары биринчи кезекте Кытайга багытталганы көпчүлүккө маалым, Пхеньяндын тышкы соода байланыштарынын 80% ашыгы дал ушул асман жиреген ири коңшусуна туура келет.

Дүйнөдө далай кара өзгөй мамлекеттер бар экенине токтолгон АКШ президенти Ирандын атомдук программасы боюнча алдыңкы алты мамлекет менен жетишкен 2015-жылкы келишимди Америка үчүн “уят иш” деп мүнөздөдү.

- Дагы бир акылынан айныган режимге дүйнө элдери каршы турчу убакыт эбак бышып жеткен. Бул режим массалык кыргын тууралуу тартынбай ачык айтат, Америкага өлүм деп кайталап келатат, Израилди жер менен жексен кылууну, бул жерде отурган далай мамлекет жетекчилери менен улуттарды жок кылууну көздөйт. Иран өкмөтү - демократиянын жасалма учкундарына жамынган коррупциялашкан диктатура. Ал тарыхы, маданияты абдан бай улутту экономикасы сазга баткан, чагымчылдык менен кан төгүүнү жайылткан мамлекетке айландырды.

Доналд Трамптын бул сөздөрүн Улуттар уюмунун жылдык жыйынына чогулган жүзгө чукул мамлекет башчылары менен башка расмий адамдары, анын ичинде Ирандын элчиси да угуп отурушту.

Бул жолку жыйында 80ден ашуун лидер дүйнө элдерине кайрылуу жасаары пландалган. Улуттар уюмунун башкы жыйынында шаршембиде Нью-Йоркто Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да сөз алаары күтүлүүдө.

Баса, ушул эле шаршемби күнкү жыйында Ирандын президенти Хасан Роухани да Доналд Трамптын айткандарына кандай жооп берээрин уга алабыз. Буга чейин ал АКШны эл аралык келишимден чыкпоого үндөп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG