Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:59

БУУ: Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияны күчөттү


БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 11-сентябрь, 2017-жыл

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы жаңы жана мурдагыдан катаал санкцияларды жактырды. Пхеньяндын алтынчы өзөктүк сыноосуна жооп катары көрүлгөн жаңы чаралар 2006-жылдан берки тогузунчу санкция болду.

Түндүк Кореяга каршы жаңы жана катаал санкция 15 өлкө мүчө болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинде 11-сентябрда бир добуштан жактырылды.

БУУдагы дипломаттардын айтымында, катаал санкцияга анчалык көңүлү чаппаган Орусия менен Кытайдын колдоосун алыш үчүн АКШ Түндүк Кореяга толук мунай эмбаргосун киргизүү, өлкө лидери Ким Чен Ындын активдерин тоңдуруу өңдүү баштапкы сунуштарын кайра артка алып, резолюция текстинде Корей жарым аралындагы тиреш “тынч, дипломатиялык жана саясий” жол менен чечилери көргөзүлдү.

Жаңы санкцияларга ылайык, Түндүк Кореянын текстиль экспорттоосуна толук тыюу салынат, ал эми четтен чийки мунайды импортоосуна чектөө киргизилет.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейлинин айтымында, жаңы чаралар Пхеньянды жылына текстиль экспортунан түшүүчү 800 миллион доллардай кирешеден ажыратат.

Буга мурдагы санкциялардын таасирин кошкондо Түндүк Корея экспорттон тапкан жалпы кирешесинин 90% жоготмокчу:

- Биз санкциялардын күчөтүлгөнүнө кубанган жокпуз. Биз согушка умтулган жокпуз. Түндүк Корея режими артка кайтпай тургандай чектен өтө элек. Эгер ал өзөктүк программасын токтотууга көнсө, ал келечегин кайрый алат. Эгер ал тынчтыкта жашай турганын далилдесе, дүйнө да аны менен тынчтыкта жашайт, - деди АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңешинин отурумунда.

Хейли Коопсуздук кеңешинин Түндүк Корея боюнча жаңы, катаал санкцияга жетишүүгө АКШ президенти Дональд Трамп менен кытай лидери Си Цзиньпиндин жакшы мамилеси да салым кошконун, эгер Пхеньян “коркунучтуу багытын” уланта берсе, кысым дагы күчөтүлөрүн кошумчалады.

Ал эми Түндүк Кореянын эң жакынкы экономикалык жана саясий өнөгү, ошондой эле ага таасир көргөзө алат деп саналган Кытайдын БУУдагы элчиси Лю Цзеи төмөнкүлөргө токтолду:

- Кытай Корея демократиялык республикасын эл аралык коомчулуктун күткөндөрүнө абдан олуттуу маани берүүгө, өзөктүк жана ракеталык программасын өнүктүрүүнү токтотуп, Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын аткарып, мындан ары өзөктүк жана ракеталык сыноолорду өткөрбөөгө, өзөктүк куралдан арылуу жолуна натыйжалуу кайтууга көптөн-көп чакырат.

Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүүгө башында Кытай да, Орусия да көңүлсүнгөн эмес. Орус президенти Владимир Путин өткөн аптада атүгүл Түндүк Кореянын аракеттерин чагым деп баалаганы менен, аны “бурчка такоодон” майнап чыкпайт деп да айткан болчу.

Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя Москва акыр аягында санкцияларды колдошун “өзөктүк сыноого олуттуу реакция жасабоо катачылык болмок”,- деп түшүндүрдү.

Ал ага катар АКШны жана анын өнөктөштөрүн Орусия менен Кытайдын сунушун дагы бир жолу кароого чакырды. Ага ылайык, Пхеньян өзөктүк жана ракеталык сыноолорун токтотушу үчүн оболу АКШ менен Түштүк Корея маал-маал өтүп келген аскерий машыгуулардан баш тартуусу керек. АКШ бийликтери мындай планды азырынча четке кагып келишет.

Пхеньяндын алтынчы өзөктүк сыноосуна жооп катары көрүлгөн жаңы чаралар 2006-жылдан берки тогузунчу санкция болду.
Пхеньяндын алтынчы өзөктүк сыноосуна жооп катары көрүлгөн жаңы чаралар 2006-жылдан берки тогузунчу санкция болду.

​Дипломаттардын айтымында, жаңы санкциялардын аткарылуусу үчүн эң чоң жоопкерчилик Бээжинде болот. Анткени, Түндүк Кореянын текстиль экспортунун көбү Кытайга барат, Кытай ошондой эле Пхеньяндын чийки мунай импортунун басымдуу бөлүгүн берет.

Коопсуздук кеңешинин резолюциясы дүйнө өлкөлөрүнө Түндүк Кореянын жумушчуларына жаңы уруксат документтерин берүүсүнө да тыюу салат.

Бул мурда берилген уруксат кагаздарынын мөөнөтү бүтүшүнө жараша Түндүк Корея жумушчуларын кабыл алган өлкөлөрдүн алардан баскыч-баскыч менен баш тартуусуна алып барат деп күтүлүүдө.

90 миңден ашуун түндүккореялыктын басымдуу бөлүгү кайра эле Кытай менен Орусияда иштейт.

Америкалык дипломаттардын эсебинде, алар аркылуу Пхеньяндагы режим жылына 500 миллион доллардан ашуун киреше табат.

Жаңы санкцияларды Түштүк Корея менен Жапония кубаттады.

Пхеньян болсо резолюцияны четке кагып, анын демилгелеген АКШ жакында “өтө чоң запкыга” кириптер болот деп билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG