Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Эки өлкө Пхеньянга санкция киргизүүнү каалайт


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Орусиянын президенти Владимир Путин.
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Жапония жана Түштүк Корея лидерлери Орусияны Пхеньянга каршы катаал санкцияны колдоого чакырышты. Синдзо Абэ менен Мун Чже Ин 6-сентябрда Владивосток шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан учурда аны ынандырууга аракет жасашкан.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Улуттар уюмунда Пхеньянга каршы катаал санкцияга жетишүүдө жана Кытай менен Орусияны буга ынандыруу үчүн аракеттенүүдө кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Мун Чже Индин маалымат катчысы Юн Янг-Чан билдирди.

Мун Чже Ин Орусиянын президенти менен Владивостокто болгон жеке жолугушуусунда Путинди санкциялардын кезектеги айлампасын колдоого чакырды. Бирок Владимир Путин буга макул болгон жок.

- Биз Түндүк Кореянын ядролук статусун тааныбайбыз. Пхеньяндын баллистикалык программасы Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын одоно бузууда, Түндүк-Чыгыш Азияга коркунуч жаратууда. Кызыл кандуулукка алдырып, Түндүк Кореяны бурчка такоонун кереги жок. Учурда сабырдуу болуп, чыңалуунун эскалациясына жол берген кадамдардан качышыбыз керек. Саясий-дипломатиялык инструменттерсиз азыркы кырдаалды чечүү абдан оор. Тактап айтканда такыр эле мүмкүн эмес.

Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуштаган резолюция долбооруна ылайык, Түндүк Кореянын четке мунай, текстиль, жумушчуларды экспорттоосуна жана башка киреше булактарына бөгөт коюлушу керек. Өкмөт мүчөлөрүнүн жана өлкө лидери Ким Чен Ындын активдердин камакка алууну сунушташкан.

Резолюция ошондой эле чет мамлекеттерде иштеген 100 миңдей жумушчулардын эсептерине түшкөн айлык-маянаны камакка алууну карайт. Андан тышкары резолюция долбоорунда Түндүк Кореянын улуттук авиакомпаниясы Air Koryo'нун активдерин камакка алуу чакырыгы бар. Бул компания негизинен Кытайдын баш калаасы Бээжинге жана башка шаарларына, ошондой эле Орусиянын Владивосток шаарына авиакаттамдарды жүргүзүп келет.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Владивостокто жасаган билдирүүсүндө Түндүк Корея азыркы саясатын токтотушу абзел деп айтты.

- Эгер Түндүк Корея азыркы саясатын уланта берсе анын жаркын келечеги жок. Биз Түндүк Кореяны ушул нерсени түшүнүп, азыркы саясатын өзгөртүүгө ынандырышыбыз керек.

Түндүк Кореянын башкы союздашы катары саналган Кытай Пхеньяндын ядролук сыноолорун Путин сыяктуу эле кескин сынга алды. Эми Кытай Пхеньянга каршы жаңы санкциялардын айлампасын колдоор-колдобосу белгисиз. АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңешин 11-сентябрда сунуштала турган резолюцияны колдоого чакырды.

Пхеньянга каршы жаңы санкциялардын айлампасын киргизүү сунушу Түндүк Корея өткөн дем алыш күндөрү жүргүзгөн өзөктүк сыноосунан кийин карала баштады. Пхеньян 3-сентябрда 11 жыл ичиндеги алтынчы өзөктүк куралын - узак аралыкка ылайыкташкан суутек бомбасын учурганын жар салган. Сеулдун маалыматына караганда Пхеньян 50 килотонналык курал сынаган, ал 1945-жылы АКШ Хиросимага таштаган бомбадан үч эсе чоң.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG