Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Түндүк Корея кризиси боюнча ачакей көз караш


Орусия менен Кытай Түндүк Корея кризисин дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырат.

Орусия жана Кытай Түндүк Корея кризисин дипломатиялык жол аркылуу жөндөөнү туура көрсө, Кошмо Штаттар өнөктөштөрү менен бирге Пхеньяндын ядролук сыноолору үчүн аскерий чара көрүүнү сунуштайт. Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүү сунушун сындап, “майнапсыз” аракет болорун айтты.

Кытайда өткөн БРИКС саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Путин буларды айтты:

- Орусия Түндүк Кореянын сыноолорун айыптайт. Бул “чагымчыл мүнөздөгү” иш деп баалайбыз. Ошол эле маалда Ирак менен Ливияда эмне болгонун дагы унутпашыбыз керек. Түндүк кореялыктар аны эч качан эстен чыгарбайт. Бул жерде кандай гана санкциялар болбосун пайдасыз жана майнапсыз.

“Аймактын тынчтыгы кыйын сыноого туш келгени, кырдаал мурда болуп көрбөгөндөй курчуп турганын” Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя 4-сентябрда Коопсуздук кеңешинин шашылыш чакырылган жыйынында айтты. Элчи Түндүк Кореянын “суутек бомбасы” деп атаган жашыруун сынаган куралы Улуттар Уюмунун чектөөлөрүнө карабай ишке ашырылып жатканы “кескин айыптоолорго татыйт” деп, бирок санкциялар “кырдаалды жөндөй албайт, ал үчүн диалог зарыл" дейт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши
БУУнун Коопсуздук кеңеши

Орусия эл аралык коомчулукту эмоцияга алдырбай, сабырдуу жана салмактанган кадамдарды жасоого чакырат. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттардын мындан мурдарак Түндүк Корея “согушту тилеп жатат” деген сөзүнө жооп кайтарды.

“Аймактан алыс турган өлкөлөргө “согуш” деп айтуу өтө жеңил” деген Песков “бирок ошол аймактагы Түндүк Кореяга катар жашаган өлкөлөр жалпыбыздын тынчыбызды алган маселени акыл калчап, салмактап чечиши” деди.

Орусия жана Кытай Түндүк Корея менен чектешет. Кытайдын Улуттар Уюмундагы элчиси Лю Цзеи кризис тереңдеп баратканына токтолуп, диалог аркылуу дипломатиялык чечим кабыл алууну сунуштады.

“Жарым аралдагы кырдаал туңгуюкка баратканын” белгилеген элчи Лю “Кытай жарым аралда эч качан башаламандыкка жана согушка жол бербей турганын” билдирет.

Москва Түндүк Кореянын ядролук сыноолорун токтотуу үчүн Вашингтон менен Сеулдун биргелешкен аскерий машыгуулары өтпөсүн деген Бээжиндин сунушун колдойт. Кытай Түндүк Кореянын негизги экономикалык жана дипломатиялык өнөктөшү.

Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы өкүлү Никки Хейли Вашингтон ушул аптада Пхеньянды ооздуктоо үчүн жаңы, катаал санкциялардын резолюциясын даярдап Коопсуздук кеңешине алып чыгарын жарыялаган.

“Жетээр чегине жетти. Согушту Кошмо Штаттар эч качан каалабайт. Биз азыр дагы аны каалабайыз. Бирок биздин өлкөбүздүн чыдамы чексиз эмес” – деди элчи Хейли Коопсуздук кеңешинде.

Пхеньян соңку сыноосу менен “баарыбызды жаакка чапты” деген америкалык элчи Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын “согушту тилеп жатканын” айтты.

4-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Түштүк Кореянын президенти Мун Жэин жана Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефондон сүйлөшүп, “Түндүк Корея боюнча бардык варианттарды талкууга чыгарууну карашканын” Ак үй билдирет.

Хейли Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяны ооздуктоо үчүн санкцияларды күчөтүп, кара майды чектөө жагын көтөрдү. Дүйшөмбүдөгү чукул жыйынды Кошмо Штаттардын өнөктөштөрү Жапония, Франция, Британия жана Түштүк Корея чакырган.

Түндүк Корея 3-сентябрда 11 жыл ичиндеги алтынчы өзөктүк куралын - узак аралыкка ылайыктышкан суутек бомбасын учурганын жар салган. Сеулдун маалыматына караганда Пхеньян 50 килотонналык курал сынаган, ал 1945-жылы АКШ Хиросимага таштаган бомбадан үч эсе чоң.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG