Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:16

Лондондо Султан Раевдин “Илегилек” спектакли коюлду


Султан Раевдин "Илегилек" спектакли.

Драматург, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин "Илегилек" спектаклинин дүйнөлүк премьерасы Лондон шаарында The Courtyard Theater театрында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Британиядагы элчилигине таянып, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева кабарлады.

Маалыматка караганда, “Илегилек” спектакли Лондондогу "Ачык Борбор Азия" экинчи эл аралык искусство фестивалына катышкан. Кыргызстандан сырткары бул маданий иш-чарага Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Британия театрлары катышууда.

"Туңгуч" театры Султан Раевдин "Илегилек" камералык спектаклин быйыл февралда сахнага чыгарган. Драмада бүгүнкү күндөгү улуу муун менен жаш муундун ортосундагы келишпестик, сүйүү, ата-энеге болгон мамиле тууралуу сөз болгон. Анда негизги ролдорду Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова жана жаш актерлор Сезим Үмөталиева, Имаж Ажигул ойногон. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG