Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

БШК: Бабановдун үстүнөн түшкөн арызды кароодо талаш чыкты


Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ошто Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча арыздарды карап жатып, БШК мүчөлөрү кайым айтышып кетти. Боршайком мүчөсү Назарали Арипов президенттик талапкер Өмүрбек Бабановдун сөзү УКМКга экспертизага жиберилгенин, бирок жумушчу топ анын жыйынтыгын күтпөй эле талапкерге эскертүү берүүнү сунуштаганы туура эмес болуп жатканын билдирди. Дагы бир мүчөсү Атыр Абдрахматова Бабанов кыргыз тилинде сүйлөгөнүн, анын үстүнөн келип түшкөн арыздар да кыргыз тилинде болгонун, ал эми жумушчу топ корутундунун долбоорун орус тилинде даярдаганын белгилеп, мында Бабановдун сөздөрү бурмаланган деген оюн айтты. Атыр Абдрахматова жумушчу топтун долбоорун кыргыз тилинде даярдоону сунуштады. Бирок добушка коюлганда долбоорду кыргыз тилинде даярдап келүү сунушу өткөн жок. Аталган маселенин айынан Абдрахматова менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да кайым айтышып кетишти.

Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөндөрү боюнча арыз жазгандардын бири Турсунбек Акун жыйында сөз сүйлөп, талапкер Бабановго эскертүү гана берилбей, шайлоодон да четтетилиши керек деген оюн айтты. Ушундай эле өтүнүчтү дагы бир арыз ээси, мамлекеттик "Дан" ишканасынын башкы директору Алга Кылычев да келтирди.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү УКМК экспертизасынын жыйынтыгын күтпөй туруп корутунду чыгаруу менен жумушчу топ мыйзамда көрсөтүлгөн укугунан аша чаап жатат деп билдирди.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго буга чейин эки жолу БШК тарабынан эскертүү берилген. Биринчиси - үгүт баннерлерине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана башка айрым мамлекеттик кызматкерлердин сүрөтүн илгени үчүн, экинчиси - диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине аралаштырганы үчүн берилген.

Өмүрбек Бабановдун штабы болсо, аны каралоо максатында интернетке талапкерди атайын монтаждалган видеотасма таратылганын айтып чыккан.

28-сентябрда Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр кичирайонунун тургундары менен жолугушуусунда айткандары кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган. Ошто, Өзгөндө жана Жалал-Абадда Бабановго каршы тынчтык митингдери өткөн. Таласта болсо талапкер Өмүрбек Бабановду каралоону токтотуу талабы менен митинг болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG