11-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18, Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 14...19 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын табы түнкүсүн 5...7, күндүз 20...22 градуска жылыйт.