Борбордук шайлоо комиссиясы 10-октябрдагы отурумунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ошто Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзү үчүн эскертүү берди. Бул чечимди БШКнын сегиз мүчөсү колдоду.
Ушуну менен талапкер Өмүрбек Бабанов үчүнчү ирет эскертүү алды. Биринчисин үгүт баннерлерине экс-премьер Сооронбай Жээнбеков баштаган бир катар аткаминерлердин сүрөтүн пайдаланганы үчүн, экинчи жолу диний ишмер Садыкжан Камаловду үгүт иштерине пайдаланганы үчүн эскертүү алган.
10-октябрда Өмүрбек Бабановдун штабы билдирүү жасап, БШК тарабынан берилген бардык эскертүүлөрдү мыйзамсыз деп жарыялаган. (BkA/ZKo)