Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:40

Ошто үч тилдүү жаңы телеканал расмий ишин баштады


"Нур ТВ" продюсери Мира Чолпонкулова жана директору Айзада Алиева.

Бүгүн Ош шаарында "Нур ТВ" аттуу жаңы телеканалдын расмий ачылышы болду. Медиа мекеменин директору Айзада Алиева канал элге маалыматты кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жеткирерин билдирди. Берүүлөрдүн негизги бөлүгүн маанайшат программалар, ыр жана кино түзөт.

"НурТВ" санарип пакетте 24 саат обого чыгат. Канал өз ишин 2017-жылдын июль айында баштаган. Баш кеңсеси Ошто жайгашкан жана Бишкекте да студиясы иштейт.

Компания жетекчилиги каналдын ээси ким экени тууралуу маалымат беришкен жок. Бирок мекеме 7-каналдын директору Алтынбек Жумаевдин башкаруусунда экени айтылган. (YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG