Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Казакстан “Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүүнү күчөткөнү кабарланууда


"Кордай" өткөрмө бекети.
"Кордай" өткөрмө бекети.

Казак тарап Кыргызстан менен чек арасындагы “Кордай” өткөрмө бекетинде текшерүүнү күчөткөнү кабарланууда. Натыйжада чек арада адамдардын узун кезеги пайда болгонун ал жактагы күбөлөр социалдык тармактарга жазып жатышат. “Кордайда” жүргөн журналист Марат Төлөмүш уулу өткөрмө бекетте топтолгон адамдардын саны 300-400дүн тегерегинде экенин “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Казак тарап чек арадан өтүүнү татаалдантыптыр. Текшерүү абдан күчөтүлүптүр. Үч сааттан бери машинелер дээрлик өткөн жок. Бул жактагы адамдар үч сааттан бери ушул жерде турганын айтышты. Чек арачылар эч кандай түшүндүрмө беришкен жок, болгону өткөрүү эрежелери бир аз катаалдашканын билдиришти.

Бишкектен 25 чакырым түндүктөгү Кыргызстандын "Ак жол", Казакстандын "Кордай" өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет.

Кыргыз-казак чек арасы. 10-октябрь, 2017-жыл
Кыргыз-казак чек арасы. 10-октябрь, 2017-жыл

Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева казак тарап чек арадан өтүүнү татаалдаштырганы боюнча азырынча кыргыз чек арачыларына маалымат бере электигин "Азаттыкка" билдирди:

- Мен бүгүн алты жарымдарда байланышкам. Биздин чек арачылар биз тараптан эч кандай тыгындар болгон жок деп айтышкан. Бирок Казакстандан өтүп келе жаткан жарандар казак тарап көпкө чейин текшерип, машинелерге чейин карап жаткандыктан кармалып калып жатабыз деп айтышыптыр. Казак тараптын биздин жарандарга айтканына караганда, аларда күчөтүлгөн текшерүү болуп жатыптыр. Бирок казак тарап бизге күчөтүлгөн режим болот деп расмий маалымат берген жок. Бул алардын укугу. Алар күчөтүлгөн тартипти бизге айтып деле, айтпай деле киргизе алат. Эгер алар бизге расмий билдирбесе, башка өлкөнүн чек арачыларынын кыймыл аракетине комментарий кыла албайбыз. Кыргыз тараптан учурда чектөө же тоскоолдук жок.

Кыргыз-казак чек арасы. 10-октябрь, 2017-жыл
Кыргыз-казак чек арасы. 10-октябрь, 2017-жыл

Казакстандын расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстан менен чектешкен “Кордай” бекети аркылуу күнүнө 25 миңдей адам жана эки миңдей автоунаа өтөт. Ал эми жайындагы курорттук сезон учурунда андан өткөн адамдардын саны 37 миңге чейин жетет.

XS
SM
MD
LG