Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Өкмөт Liglass компаниясы менен сүйлөшүү тууралуу маалыматты четке какты


Жогорку Нарын ГЭСтер каскады.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскады.

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Trading компаниясы менен ГЭС куруу тууралуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарды. Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирүүдө чехиялык компания менен инвестициялык макулдашуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат деген маалыматтар четке кагылган. Анда премьер-министр Сапар Исаков 10-октябрда ГЭС куруу боюнча келишимдерди бир тараптуу бузуу тууралуу токтомго кол койгону айтылган.

Ошондой эле 5-октябрда чехиялык компаниянын жетекчилигинин көптөгөн суранычынан кийин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинде жолугушуу болуп, келишимдин үзүлгөнү расмий кабарланган. Бул сүйлөшүү Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу тууралуу келишимдин талаптарына ылайык өткөнү, Liglass Trading компаниясынын өкүлдөрү пикир келишпестиктерди чечүү боюнча өз сунуштарын айтып, бирок кыргыз тарап аларды кабыл алынгыс деп четке какканы белгилүү болду.

Кыргызстан чех компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон. Сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары компания 1 миллион 147 миң доллар которгону айтылган.

Макулдашууга ылайык, чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганын өкмөт жарыялаган. Бирок келишимге кол коюлган алгачкы күндөн тарта эле Liglass'тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жоктугу тууралуу адегенде чех басма сөзүндө, андан соң Кыргызстанда байма-бай айтыла баштаган. Бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, компанияга ишенерин билдирип келген.

18-сентябрда, "РусГидрого" карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип маалымат жыйын өткөрүп, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришкен. Буга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган эле. (NT)

XS
SM
MD
LG