Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

БШК: Шайлоо күнү сервер туруктуу иштейт


БШК мүчөлөрүнүн байкоочулар менен жолугушуусу
БШК мүчөлөрүнүн байкоочулар менен жолугушуусу

Боршайком мүчөлөрү эл аралык жана коомдук байкоочулар менен жолугуп, президенттик шайлоого карата даярдык тууралуу маселени талкуулашты.

Байкоочулар шайлоо күнү маалымат базасын камтыган башкы сервердин иштөөсүнө, техникалык бузулуулар болуп кетпесине канчалык кепилдик бар экенине кызыгышты. Буга БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова башкы сервер миллион пайдалануучуга ылайыктап сынактан өткөнүн, шайлоо күнү система үзгүлтүксүз иштей турганын айтты.

Жолугушууда коомдук байкоочулар менен БШК ортосунда шайлоо күнүндө келип түшкөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында WhatApp каналында атайын топ түзүү сунушталды.

БШК маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууга “Адилет” укук клиникасы, “Эгль” коомдук фонду, Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы, “Таза шайлоо” ассоциациясы, Акыйкатчы жана ошондой эле ЕККУ, КМШ миссиясынын штабынан өкүлдөр катышты. (SDz)

XS
SM
MD
LG