Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Пентагон Орусиянын ИМ тобу боюнча айыптоосун четке какты


Ирак аскерлери ИМ тобунунан Хавижа шаарын бошотуп жаткан учур. 4-октябрь, 2017-жыл.
Ирак аскерлери ИМ тобунунан Хавижа шаарын бошотуп жаткан учур. 4-октябрь, 2017-жыл.

АКШнын Коргоо министрлигинин билдиришинче, Орусиянын "Кошмо Штаттар Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкөндөй “түр көргөзүп” жатат деген айыптоосу “толугу менен жалган”.

Пентагондун өкүлү Роберт Мэйнингдин айтымында, АКШ “Ислам мамлекети" тобун талкалоого, аларды башпаанек табуу жана аймакка, дүйнөгө кол салуу жөндөмүнөн ажыратуу ниетин көздөйт.

Пентагондун өкүлү АКШ баштаган коалиция өз аба соккуларынын саны жана жыйынтыктары боюнча маалыматтарды коомчулук көрүшү үчүн күн сайын ачыкка чыгырып жатканын да кошумчалады.

Мунун алдында Орусиянын Коргоо министрлиги 10-октябрдагы билдирүүсүндө “Сириянын күчтөрү алардын абадан колдоосу менен Деир ал-Зор провинциясын бошотуу операциясын баштаган сентябрь айында АКШ баштаган коалиция Иракта аба соккуларын азайтты”,- деп ырастаган. (UE)

XS
SM
MD
LG