12-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23;
Баткенде түнкүсүн 4...9 күндүз 21...26,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;
Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 14...19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз 5...10;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5 …7°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22°.