Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Мамкаттоо: №2 формасын толтурбастан тизмеге кирип калгандар бар


Дастан Догоев
Дастан Догоев

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев айрым жарандардан №2 формадагы арызга байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча кайрылуулар түшүп жатканын тастыктады. Догоев бүгүн “Азаттык” радиосуна билдиргендей, учурда үч адамдан №2 формадагы арызды башка бирөөлөр толтуруп койгону тууралуу арыз түштү.

- Бизге кайрылган үч адамдын форма №2 арызы бар. Бирок алар бизге кайрылып, арыз жазбаганын айтып жатышат. Бул арыздар боюнча текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгын БШКга жөнөттүк. Алар юридикалык баа бериши керек.

10-октябрда Ошто Өзгөн жана Кара-Суу районунун тургундары журналисттерге кайрылып, алардын шайлоо даректери Ош шаарындагы участоктордо чыгып калганын билдирген. Алар мындай көрүнүшкө 200дөн ашык адам кабылганын айтып, ордуна башка бирөөлөр №2 формадагы арызды толтуруп койгонун айтып чыгышкан.

Форма №2 паспорттогу каттоодон башка жерде шайлоого уруксат алуу үчүн толтурулуучу арыз. Каттоо кызматы мындай арыз менен 314 миң жаран шайлоого катышарын маалымдоодо.

15-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу тизмесине жалпысынан 3 млн 25 миң 770 шайлоочу кирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG