Кыргызстандык кыздардын атынан болочок президентке видеокайрылуу жолдонду. Анда түрдүү тармактарда ийгилик жарата алган өспүрүм кыздар жетишкендиктери тууралуу кыскача баяндап, ар бири өз каалоосун айткан. Негизинен кыздар ала качууну токтотуу, ишкердик, IT технологиялар жаатында эмгектенүүгө, спорт менен машыгууга көбүрөөк шарт түзүп берүү тууралуу каалоо-тилектерин айтышты.
Видеоролик бүгүнкү Кыздардын эл аралы күнүнө карата даярдалган. Долбоорду Бириккен Улуттар Уюму жана Улуу Британиянын элчилиги каржылады.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 11 талапкер ат салышууда.
Дүйнөдөгү кыздардын укугун коргоо максатында БУУ 11-октябрды Кыздар күнү деп жарыялаган. Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 1,1 миллиардын кыздар түзөт.