Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:08

Премьер-министр Сапар Исаков тиешелүү мекемелерге кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтө албай турган кыргызстандык жарандар үчүн убактылуу шарт түзүп берүүнү буюрду.

"Ак-Жол" өткөрмө бекетинде түзүлгөн абалды эске алып жана алдыда аба ырайы салкындай турганына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине автотранспорт топтолгон жерге чатыр тигип, биодааратканаларды орнотууну жана адамдарды ысык тамак, таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасын бердим" деп жазды Сапар Исаков Фейсбук баракчасына.

Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек араны күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алып, адамдардын жана автоунаалардын кирүүсүнө кескин чектөө киргизди. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы төрт өткөрмө бекетенде узак кезек күтүүлөр катталып жатат.

Расмий Астана азыркыга чейин чек ара эмне себептен күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатканын маалымдай элек.

Чек арадан өтө албай топтолуп тургандарды чөнтөк телефонуна тартып, интернетке жарыялагандар бул кырдаалды президент Алмазбек Атамбаевдин казак жетекчилигинин дарегине айткан соңку билдирүүлөрү менен байланышытырп жатышат.

Расмий Бишкек азырынча комментарий бере элек. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG