Сербиянын түштүк-батышындагы Санджак облусунун эң ири Нови- - Пазар шаарынын көчөлөрүндө бүгүн түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен серб президенти Александр Вучич барганда аларды кубаттап, жүздөгөн адам чыгып турушту.
Эрдогандын Сербияга эки күндүк сапарын талдоочулар Түркиянын Балкан чөлкөмүндөгү таасирин күчөтүү аракети катары баалап жатышат.
Түркиянын Балкан чөлкөмүндөгү мамлекеттер менен Осмон империясынан бери тарыхый жана диний байланыштары бар. Анкара 1990-жылдардын башында аймакта болгон согушта босниялык мусулмандарга колдоо көрсөткөн.
Эрдоган 10-октябрда Белграддагы сүйлөшүүлөрдө Сербия менен сооданы жана инвестицияны күчөтүүнү убада кылды. Тараптар эки ортодогу эркин соода келишимине толуктоолорду да киргизишти. (UE)