Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Түркия соту Wall Street Journal гезитинин кабарчысына сырттан өкүм чыгарды


Америкалык Wall Street Journal гезитинин редакциясы. Нью-Йорк.
Америкалык Wall Street Journal гезитинин редакциясы. Нью-Йорк.

Америкалык Wall Street Journal гезити өз кабарчысы Айла Албайракты Түркиянын соту эки жыл бир айга сырттан абакка кескенин билдирди.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, Албайрак Түркияда тыюу салынган күрт жикчилдерин колдойт деп айыпталды.

Wall Street Journal басылмасы бул кинелерди негизсиз деп четке какты. Журналист соттун чечиминин үстүнөн даттанат. Ал фин жана түрк жарандыгына ээ. Учурда Нью-Йоркто жашайт.

XS
SM
MD
LG