Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

“Ак жол” чек ара бекетинде абал өзгөргөн жок


"Ак жол" чек ара бекети
"Ак жол" чек ара бекети

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрмө бекетинде автоунаалардын тыгыны азайган жок. Ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысына чек арадан жарым саатта бирден автоунаа өткөрүлүп жатканын айдоочулар кабарлашты. Айрым айдоочулар 10-12 сааттан бери турушканын айтышса, оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары жүктөп бараткан мөмө-жемиштери чирип кетерин айтып, сарсанаа болушууда.

Ошол эле учурда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде тыгын болгону менен кечээки күнгө салыштырмалуу адамдар аз-аздан өткөрүлүп жатат. Автоунааларды чек арадан өткөрүүдө кыйынчылыктар болуп жаткандыктан адамдар чек аранын эки тарабынан башка унааларга түшүп кетишүүдө.

Чек арага жакын орнотулган чатырларда муктаж адамдарга медициналык жардамга көрсөтүлүп, бекер тамак-аш берилип жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, казак тарап 11-октябрда кечки саат 23:00дө көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандарды өткөрүү жол-жобосун жеңилдеткен. Анын натыйжасында кезекте турган жарандар бир жарым сааттын ичинде койо берилген. Бүгүн, 12-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн баштап казак тарап жарандарды өткөрүү процедурасын кайра жайлатып, мунун айынан “Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын узун кезеги байкалууда.

11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, "Ак тилек", “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке турушкан.

Чек арада кезек күткөндөрдүн айрымдары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG