Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Жети-Өгүздө зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

10-октябрда Жети-Өгүз милициясына 1962-жылы туулган аял киши кайрылып, Данияр аттуу милиция кызматкери аны зордуктаганын билдирген. Ошондой эле райондук ооруканага анын күйөөсү кайрылган. Арыздануучунун айтымында, күйөөсүнө дагы аталган милиция кызматкери кол көтөрүп, жаракат келтирген.

Буга байланыштуу ыкчам тергөө иштери жүрүп, шектүү катары Жети-Өгүз райондук милициясынын кызматкери, милициянын майору мас абалда кармалды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Учурда ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы зордуктоо жана сабоо фактысын териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Топтолгон материалдар Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө берилип, кылмыш иши козголду. Учурда кармалган кызматкер Каракол шаарында убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жана кызматтык иликтөө уланып жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG