Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:04

Трамп өзөктүк куралдарды көбөйтүү тууралуу маалыматты төгүндөдү


Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн өзөктүк арсеналын 10 эсе көбөйтүүнү пландап жаткандыгы тууралуу NBC телеканалынын билдирүүсүн кескин сынга алды. Трамп ал маалыматтарды президентти жаманатты кылууга багытталган жалган билдирүү деп атады.

Шаршембиде NBC News сайты 20-июлдагы коопсуздук кеңешмесинде Трамп өзөктүк арсеналдын санын 1960-жылдагыдай 32 миңге чейин жеткирүүнү каалаарын айтканы тууралуу макала жарыялаган. Бул маалымат кеңешменин үч катышуучусунан алынганы белгиленет. Ошондой эле президент армия менен аскер техникаларынын санын көбөйтүүгө да ниети бардыгы кошумчаланган.

Буга чейин 20-июлдагы жыйын тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.

Америкалык окумуштуулар федерациясынын эсебинде, учурда Кошмо Штаттары төрт миңдей өзөктүк арсеналга ээ.

XS
SM
MD
LG